=ҮЙЛӨНГӨНДӨР ҮЧҮН, ҮЙЛӨНӨ ЭЛЕКТЕРГЕ ЖАНА ҮЙЛӨНҮҮНҮ КААЛАГАНДАРГА=
Жигит үйлөнөт, атасы куттуктап, батасын берип, анан барак, калем жана өчүргүч алып келүүсүн суранат.
- Эмне үчүн? – жигит таңдана сурайт.
- Алып келе бер, - дейт атасы, сырын чыгарбай.
Кагаз менен калемди алып келип, өчүргүч жок экенин айтат.
- Таап келе кал, - дейт атасы.
Жигит көчөгө чыгып өчүргүч сатып келет.
- Жаз, - дейт атасы.
- Эмнени жазайын?
- Каалаганыңды жаз.
Жигит бир сүйлөм жазат.
- Өчүр, - дейт атасы.
Жигит өчүрөт.
- Кайра жаз, - дейт.
Чыдабаган жигит сырын сурайт.
- Жаз, деп кайталайт атасы, олуттуу.
Жазат... дагы өчүртөт... кайра жаздырат... кайра өчүртөт...
Бир канча жолу кайталагандан кийин атасы сурайт:
- Ба