Мен өзүм аял туруп...
(күйгөн ыр)
Мен өзүм аял туруп
Корком көпкөн аялдардан,
Көйнөгү
көптүгүнөн саналбаган,
Демитип,
омуроолоп, ийни менен
жөөлөгөн,
келбей туруп саламга анан.
Мен өзүм аял туруп,
Корком көпкөн аялдардан,
Шакектер
беш манжада жалаңдаган,
Мойнуна
темирлерди тагып алып,
Кулакта
он беш сөйкө салаңдаган...
Мен өзүм аял туруп,
Корком көпкөн аялдардан,
Алды, артын
адыраңдап каранбаган,
Ата салт,
эне наркын жайына кой,
Эки ооз
кыргызча сөз таба албаган.
Мен өзүм аял туруп,
Корком көпкөн аялдардан,
Урунуп-
беринер тоо таба албаган,
Эрин: - Эй,
сволочь! – деп атап алып,
Эбиреп
бирди-бирге жамандаган.
Корком мен,
Мына ушундай аялдардан...
13.12.2018