Эркек ыйлайт жакын досу сатканда,
Ишенгени кыйын кезде качканда,
Эркек ыйлайт эркекте да жүрөк бар,
Сүйгөн жары сүйүүсүн пулга сатканда,
Жашынып ыйлайт жары кетсе башкага,
Сыздап ыйлайт жалгызданып калганда,
Наалып ыйлайт ишенген уул-кыздары,
Сойку болуп, мас болуп үйгө келбей калганда,
Кыйкырып ыйлайт айрылса жан туугандан,
Кадырын бил! сыйлайлы бир туугандар.....
Уккун аял бирөөнүн бол энеси,
Уккун аял бирөөнүн бол эжеси,
Уккун аял бирөөнүн бол жеңеси,
Сыйла өзүңдү андан соң - биз эркекти...