Койнуна ийри жылан катып алган,
Көрүнбөй жагалданып,кадам баскан.
Байкабай кээ бирде көрбөйбүзбү?
Аста секин,өзүңдү чагып качкан.
Колтукташып,жанашып бассак бирге,
Куулукта күлмүңдөп алат экен.
Майтарылгыс бычактай тилем деген,
Оюуну айтпастан катат экен.
Күлмүңдөп,досум деп,сыйлап келсең,
Күлүшүндө сырлары катылгандай.
Бейкапар курбум деп,жүргөн менен,
Жамандыгын билгизбейт ашырууда.
Жакшы дос,кабагыңа көңүл бөлөт,
Чын дилинен жардамын бекем сунат.
Сагынычты таркатып кетиш үчүн,
Керектүү акыл-кеңеш айтып турат.
Беш кол тең эмес,айтылгандай,
Өзгөрүүлөр бир эле адамзатта.
Дос күтүп,алганыма сүйүнөмүн,
Баскым келет,жаннаттын бактарында.
...дос күттүм,узаттым,кайрылбадым,
...аман көрсүн,бе