БАДЫРАҢ ТАБИГЫЙ КОСМЕТОЛОГ
Бадыраң маскалары сепкилден, "соолуган, жансыз" беттен арылтат, бырыштарды жазат, агартат жана беттин тешикчелерин тарытат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн бадыраң маскаларынын төмөнкүдөй түрлөрүн колдонсоңуз болот.
Жаңы бадыраңды жука-жука кылып туурап, тазаланган бетиңизге аларды 15-20 мүнөт коюп жатасыз. Мындан кийин бетиңиз жашарып, нурданып калат.
Бетиңизди жуунун ордуна табигый бадыраң лосьонун бетиңизге сүртүңүз. Үй шартындагы бул лосьон мындайча жасалат: бадыраңдын жуулган кабыгын майда туурап, стакандын үчтөн бир бөлүгүнө саласыз. Кайнатылган сууну үстүнө куюп стаканды толтуруп, алты саат тыныктырып коёсуз. Мындай лосьон бет менен моюнду тегиз, жыл