Баткен эли
Ким көрдү куралы бар душмандын,
Таш көтөрүп жолун тосуп чыкканды.
Өз элибиз кор болуп сыздап жатат,
Көзү тойбос аны чоңдор уксаңчы.
Ак үйдүн атканынан өлгөндөргө,
Наам кылып эл баатырын бересиңби.
Баткен эли окко учуп жатышат,
Эл баатыры алардыгын сезесиңби.
Чыркыраган чыр маселе токтободу,
Жамгырдай октун үнү коштогону.
Баткен деген бир област бар эле деп,
Бийлик дагы бир ирет жоктободу.
Уйкусу жок ок менен ыйлап алышат,
Куралы жок таш ыргытып атышат.
Акча, байлык бийликти болсо талашып,
Чоңдоруңда тынчын албай жатышат.
Урдум ошол бийлигиңди кебиңди,
Басып жатат кошуна тажик жериңди.
Коргонууга курал деле бербейсиңер,
Окко атайын тосконсуп кайран элимди.
Ушунча жыл чек ар