Сонун
Ак шоола чачкан ай сонун,
Ак шоокум салган таң сонун.
Айтышып жүрөк сырларын,
Асылың болгон жар сонун.
рдагым өзүң бар болсоң,
Ааламда ар кыл бар сонун.
Жыпарын чачкан гүл сонун,
Жылуулук берген күн сонун.
Шыбагаң - бакыт сезилип,
Шынаарлай баскан күн сонун.
Шыбырай жарга сыр айтсаң,
Шыбыртсыз, бейпил түн сонун.
Жайылып жаткан көл сонун,
Жайкалган шибер төр сонун.
Жайнаган ырыс, береке,
Жакшылык толгон жер сонун.
Жарыңды жандап жайкалып,
Жанында жүрсөң эң сонун.
Жумагүл Газыбаева.