Нооруз боюнча кеп...
Айтайын дегеним, бул макала сымал сөзүм мусулмандарга гана багытталат. Акыйкатты туу тутунган, чыныгы такыба момундарга багышталат. Башка диндегилер, теңирчилер, коммунисттер же жөн эле дин менен иши жокторго тиешеси жок. Ошондой эле өзүн мусулманмын деп, бирок насилинде мусулман боло албаган чалакайымдар да окубай эле коюшса болот.
Бул айтайын деген сөзүм акыйкат, а бирок кеп-сөздөн коркуп, эл эмне дейт деген айыңдан чочуп, кашыктап араң жыйнаган аптарыйкатын чөмүчтөп чачып аламбы деп элтеңдеген молдокелерибиз негедир ушул маселени көтөрбөй келишет. А түгүл ушул жөнүндө шариатта кандай экенин айт десе жаа бою качкандарды да көрдүм. Бирок чындык баарынан улуу.
Канчалы