ЖАРЫК ЖАН
Карууң кетип калбаганда дарманың,
Кара түндөй сезилгенде жан жагың.
Унчукбастан,жөн гана алга умтул,
Унутбастан баткан күндүн таңдарын.
Көп сыноого кептегенде тагдырың,
Көр тирилик иргегенде калбырын.
Жан-дүйнөңдүн түпкүрүнө сактагын,
Жакшы күндүн эсеби жок барлыгын.
Чагылгандар чаккан кезде күнү-түн,
Чоктой ысып алоолосо күйүтүң.
Чымын жаның калгычакты күрөшкүн,
Чырагыңдан өчүрбөстөн үмүтүң.
Туман басып адашканда багыттан,
Турмуш дагы урай түшөт калыптан.
Өйдө-ылдый чар тараптан издебе,
Өзүң үчүн,дал өзүңсүн жарык жан.
Кереги жок көп санааны үйгөндүн,
Керегеси,уугу болгун дүйнөңдүн.
Тизмегинен чыгарса да адам зат,
Тикен жолдо гүл жашоого үйрөнгүн.
Н.Жумалиева