Арзуу
Сүйүү болуп жетпес арманым,
Сен менчелик сүйө албадың.
Райымаалы болуп өрттөндүм,
Бегимайдай күйө албадың.
Сезип турдум сенда ыйладың,
Токтон албай менда ыйладым.
Тосколу көп биздин сүйүүбүз,
Айтчы жаным кандай кылайын?
Баё жүздү эрке жамалым,
Байкадыңбы сезим жанганын.
Багыты жок биздин сүйүбуз,
Баалар белең баарын арнайын.
Сезип турдум сенда ыйладың,
Токтон албай менда ыйладым.
Тосколу көп аруу сүйүүбүз,
Айтчы жаным кандай кылайын?
Тосуп алчы жайып кучагың,
Канаты жок сага учайын,
Кабыргамдан сени жаратып,
Кош канатым кылып алайын.