НЕГЕ ЧАЛДЫҢ...
Капилеттен чоочугансып түшүңөн,
Кайра неге мага чалып жатасың.
Катып койгон калптарыңды баягы,
Түгөтө элек, белең али?.. запасын!
Оюң менен болсом дагы ар дайым,
Оо азыр сен кимдир мага бирөөсүң.
Далили жок сөздөрүңдү тажабай.
Дагы деле неге айтып жүрөсүң?!..
Жазгың келет жүрөгүмдүн бүктөмүн,
Менден эми эч жылуулук күтпөгүн.
Ачык айтчы сагындыңбы дейсиң да,
Мен сагынып сени качан бүткөмүн.
Жомокторуң бейиш сымал туюлду,
Жоготпочу ордуң билип сыйыңды.
Керек кезде бере берчүү кайрадан,
"Менин cүйүүм" сага эмне буюмбу?!!