ѲЛҮМ ТӨШӨГҮНДӨ БОЛГОН АЖАЙЫП БИР ОКУЯ.
"Басра" шаарында, бир Кудайдан корккон такыба инсандын ажалы жетип, өлүм төшөгүндө жатты. Анын бул дүйнө менен кош айтышаарын билген туугандары, тегеректешип алып, ыйлап жатышты. Алардын, ага ушунчалык ыйлашканын көрүп; "Мени төшөктөн чыгарып, олтургузгулачы"-деп суранды. Туугандары анын өтүнүчүн дароо орундатышты.
Анда ал атасына карап;
"Оо атаке, сизди эмне анчалык ыйлатып жатат"? – деди. Анда Атасы баласына, көзүнөн жашы токтобой;
"Ай балам ай, сени жоготуп, өзүм жалгыз каламбы?– деп, ыйлап жатам"-деди.
Андан соӊ энесине кайрылып;
"Оо энекем, сизди эмне анчалык ыйлатып жатат"?-дегенде, энеси;
"Жүрөгүмдү жаралап, кетип жатасың. Ал мен үчү