Аялыма белек бере баштагандан бери ишим оңолду
Колумда бир пачка акча. Аны санап отургам.
Анан оюма, шап бир нерсе келди. Мурда бир
тыйын таппай, жумушка жөө кетип калчум.
Кызык, жашоом эмнеге оңолуп кетти?
Жеткен сараң элем. Бир тыйынга чейин
санап жүрчүм. Элестеткиле, бир кыз менен
төрт жыл сүйлөштүм. Төрт жыл ичинде ага
бир гана жолу гүл бердим. Ал гүл дагы
досумдун тоюна барып, коноктордон калган
гүл эле. Азыр эстесем күлкүм келет.
Мен канчалык сараң болгон сайын,
жумушум жүрүшпөй, балдар ачка калып,
аялымдын кабагы бүркөлчү болду. Бирок,
дарак бир орунда тура берет, мен дарак
эмесмин, өзгөрүүгө убакыт келди дедим
дагы, өзгөрдүм.
Азыр айткандарыма күлүшүңөр мүмкүн,
бирок