БИЗ БОЙДОКТОР.
(тамаша чын аралаш)
Таштай катып күч тиреген денебиз,
Ташты, сууну, такай кечип келебиз.
Турмуш биздин бешенени не кылган?
Чач тик турат— "үйлөн" десе жеңебиз.
"Үйлөн"— деген, кош жаксада кулакка,
Бир маселе бизди тушап турат'да.
Акча кургур басып алган ааламды,
Балее болуп биз үйлөнөр убакта.
Жасай албай же бир укмуш эрдикти,
Акча үчүн бүтүн жанды бердикпи?
Топтолгончо калың үчүн акчалар,
Байлайбызбы кочкорлордой белдикти.
Пайдасы жок болуп калдык эч жерде,
Чөнтөк жука калың деген бергенге.
Үйлөнүп бала-чака көбөйтсөк,
Салым болуп калар беле мекенге?
Токтосунов . Э 2015.