⭐МУНАФЫКТАР ТУУРАЛУУ⭐
"Адамдын кээ бирлери, биз Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирдик дешет(бирок), алар ыймандуу эмес. Алар Алланы жана ыймандуу адамдарды алдашат (чындыгында), алар өздөрүн алдайт жана муну сезишпейт" (Бакара, 8-9-аяттар).
Алла Таала бул сүрөөнүн алгачкы беш аятын момундар үчүн, эки аятты каапырлар үчүн жана бул аяттан баштап он үч аятта мунафыктар жөнүндө кабар берип, алардын сыпаттарын баяндайт. Мунафыктык сыфат, пендени жок кыла турган күнөө болгондугу үчүн, бул туурасында кеңири маалымат берүүнү кааладык. Нифка же мунафыктык, сөздүктө(нафико),сөзүнөн алынган болуп, кош аяк чычкандын ийиндеринин тешиктери дегенди билдирет. Кош аякты кармаганда, ал ийинин бир тешиг