Эшимканов Чынгыз Куттуксейитович 1987-жылдын 16-февралында Нарын шаарында туулган . Ата-энесинин сүйүктүү кенжеси болгон Чынгыз 14-жашында айылдагы туугандарына чөп чапканга жардамдашканы барып, балдар менен ойноп жүрүп, кокусунан башына айры кирип кетип, мээсине доо кетет. Анын натыйжасында сүйлөй албай, оң колу иштебей, жакшы басалбай, тамакты өз алдынча ичелбай, бирөөнүн кароосуна муктаж мунжу болуп калды. Атасы баласынын бул оорусуна катуу кайгырып, күйүтүнөн көпкө чыдабай каза тапты. Эне бечара көкүрөк күчүгүн эч кимге кор кылбай туптуура он төрт жыл карап жүрүп, катуу оорудан былтыр эле көз жумду. Чынгыз азыр бир тууган эжесинин колунда турат. Он төрт жылдан бери анын улуу беш бир тууг