,, Тай -Кашка"
Жээрде кашка, ичке -ийри аягы,
Жепирейген комсоо -жүдөө жабагы.
Күлүк чыгып Тай -Кашка деп атагы,
Кыйыр элди тамшандырып тарады!
Көсөм экен -Арстан аке абыдан,
Күлүк сынын бир көрүүдө тааныган.
Ат чуркабайт, багы чуркайт, -дегендей,
Адам окшойт Кызыр колдоп даарыган.
Бир суу элдин керегине жараган,
Булут сымал кетти жылдар арадан.
Арстанбектин Тай-Кашкасын кызыгып,
Алда -кимдер бир көрүүнү самаган.
Туйлап аттиң, кошкурунуп эңкейип,
Тыбырчылап тураар эле жер челип.
Кайра -кайра олуй карап жан жагын,
Күлүк барбы? -деген өңдүү менчелик.
Чубалжуучу көтөрүлүп асманга,
Чаң уюлгуп, аттар келе жатканда.
Чыгып келчү оозуп дайым алдыга,
Чү дегенде эң соңунда чапса да.
Күн б