Предыдущая публикация
Өмүрүм арман менен өтүп барат,
Көөдөндө алолонуп оттой жанат.
Жашоодо ойду түгөл аткара албай,
Тагдыр мага кемтигини сунуп турат.
Канткенде бөксө жерим толукталат,
Эстегенде таза дүйнөм ооруп калат.
Кабыргам кээ күндөрү сайгыланып,
Ичимден ийне өңдүү сайып турат.
Көз жашым дайра болуп агып кулап,
Жан дүйнөм эмне үчүн суусап барат.
Сезимде кең дүйнөмдө жашырынган,
Өспөгөн өнөр багым куурап турат.
Жарк этип жарыктыкка чыгаар бекен?
Дайрадай чабыттанып агаар бекен?
Сыздатып өйүп турган көөдөн черин,
Таптаза кирсиз кылып жубаар бекен?
Адинай Шанаева
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев