Жашооңдун калган бөлүгү ошол жерде өтөт. Демек, сен үчүн чыныгы турмуш эми башталат. Турмуштун ысык-суугун мени менен же атаң менен эмес, күйөөң менен бирге көрөсүң. Келечек жашооң бактылуу же бактысыз болуу өзүңдүн колуңда. Кызым, күйөөңө күң сыяктуу кызмат кыл. Ошондо ал сага кул болот. Жашооңду тынч, таттуу өткөрүүнү кааласаң, төмөнкүлөргө көңүл бур:
1. Күйөөңө эч качан моюн толгобо. Ага ар дайым баш ий.
2. Анын тапканына каниет кылып жаша.
3. Көйөөңдүн көзүнө эч качан жагымсыз абалыңды көрсөтпө.
4. Күйөөңдүн мурду сенден эч качан жагымсыз жытты искебесин.
5. Күйөөңдүн уктоочу убагын жакшы бил жана уктап жаткан учуда керексиз иш үчүн ойготпо.
6. Күйөөңдүн тамактанар мезгилин да байкоосуз калтырба. Курсагы ачкан адамдын ачуусу чукул болот.
7. Күйөөңдүн туугандарына жакшы мамиле жаса.
8. Анын мал-мүлкүн жакшы сакта.
9. Эч качан күйөөңө күнөө жасаба.
10. Күйөөңдүн сырын эч кимге айтпа.
Автор: Абдишүкүр Нарматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2