Унуталбай эске түшүп кечегим,
Дале болсо, күйүт отун кечемин.
Сагынганда сүрөтүңө үңүлүп,
Санаа тартып,уйку көрбөс кече миң.
Андан бери, өттү мезгил агылып,
Сабыр этем,сыноолорго багынып,
Түйшүктөнүп түмөн ойдон арылбай,
Жүрөм жүдөп,мээримиңе зарыгып.
Түшүмө кирип,эстетип мени кыйнадың,
"Өзгөлүк болбо, сүйөмүн "дедиң ыйладың.
Кетирсем ката, түшүнүп мени кечиргин,
Эч убак сени,келбеген эле кыйнагым.
Көөдөндөн кетпей,кыйнады бүгүн ыза муң,
Мүрзөңө барып,демиңди келген тыңдагым.
Ачуу жаш жутуп,арманга салбай жарыңды,
Алпкетип мени, өзүңдүк неге кылбадың.
Буулугуп бүгүн, ааламга жалгыз сыйбадым.
Санаада калып,салаалап жашым тыйбадым
Бүгүнкү күнү, жоготкон элем түбөлүк,
Эсиме түшүп,бүгүн да мени кыйнадың....😪
Н/АБДРАЗАКОВА
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4
Журокту эзди карай - карай...