Предыдущая публикация
Өзгөгө турсун, өзүмө билем тажаалмын.
Өзүмдү сындап, өзүмдү кееде жемелеп.
Өзгөлөр туйбас,сырымды терең катамын.
Башкача эмес, барымча келет жашагым.
Бөтөнгө турсун, өзүмө билем катаалмын.
Башкалар сезбес, эркелик жаман кыялга.
Бөлөктөр түгүл, өзүмө сезсең капамын.
Көрүнүп эмес, кызыктуу келер жашагым.
Кимгедир койчу, өзүмө деле "начармын."
Көргөзбөй жүрсөм,жүзүмдү сындап
оолукпа.
Көргөндөр билер, ажарым нурду чачарын.
"Мактангым" келсе бир күнү жүзүм ачармын.
🌹🍀Уни Бийке🍀🌹
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2