7-БӨЛҮМ
Эмне ызырынасыз, күнөөлү кызыңыз болуп жатса кайра сиз мындай кылганыңыз эмнеси, жакшы сүйлөшкөндүн ордуна кайра мага тиш кайрыйсызда, менин алдымда эч минте алган эмес, мен адам менен бир гана жолу сүйлөшөм, көнбөсө ал адам экинчи менин алдыма тизе бүгүп жалдырап келгени менен пайдасы жок, эмне сүйлөшөбүзбү деп Айболот керсейе сүйлөдү. Сен эмне деп жатканыңды билесиңби, менин кызым андай кыз эмес, мен эч качан сенин алдыңа тизелеп келбейм билдиңби, кызым буйруса акталып чыкса көрөсүң, сени сотко берип ээлеген столуңан бошотом ошондо сен мага тизелеп келесиң, кылган ишиңе башың мыкчый өкүнөсүң, сага окшогон кызыл шапкеченге тизелегенимен көрө тик туруп өлгөнүм жакшы деп ачуусун тарката албаган Кеңеш. Макул ушул акыркы сөзүңүз болсо анда тик туруп өлүп кетиңиз деп ордунан турду дагы сыртка чыгып кетти. Силер эшике чыгып тургула, тергөөгө тоскол болбогула анын үстүнө силер бул жака турганга уруксат жок деп Кеңеш менен Жайнашты эки милиция кызматкери сыртка чыгарып коюшту. Кудай ай кандай күнгө кабылдык экенбиз, бир күңдө дүйнө астын үстүн боло калды го, оо кудай Аруузат күнөөсүз болуп чыкса экен деп кудайга жалына отурушат. Бир аздан соң бир милиция кызматкери чыкты дагы сиздер үйүңүзгө бара бериңиздер, азыр Аруузатты убактылуу кармоочу жайга киргизишти сотко чейин ошол жакта болушат, силер тамак самагыңарды алып келип бергиле, бул жердин тамагы бир начаарырак күчү жок, жаңы түшкөн адам көнгөнчө жей албайт. Кандайча кантип далил жок эле убактылуу кармоочу жайга камап койдунар, деп Кеңеш ордунан тура калды. Бизде ушундай, сиз ызылдаганы менен пайда таппайсыз, үч күн бул жерде болот күнөөсүз болсо анда кой берилет, күнөөлү болсо бүттү анда соттолот, баса жогору жакта тааныш билиш болсо кабарлаша бериңиздер. Кеңеш менен Жайнаш эмне кылаарын билишпей үн-сөз жок эле кетип жатышат, оңойбу балаңдын ушундай акыбалга туш келип калса. Болду чечсеңизчи өлүп калбасын, кандай эле өлөт өлбөйт, аңгыча Аруузат титирей баштаганда башына кийгизген пакетти чечти, дем жетпей бетине боз жүгүрүп кеткен. Айт Хазирет кана, аны кантип өрттөдүң? А-аны чагылган урду. Ээ андай жомогуңду апаңа айт, башын кайра ийкеди эле пакетти кайра кийгизди.
Аа-галар аны чагылган урду, мен чын айтам. Мейли чагылган уруптур, сени зордуктады беле ал же өз калооң менен болуп бердиңби? Эмне, эмне деп жатасыздар, мен тазамын кызмын. Көрдүңбү сен калп айтып жатасың, демек сени зордуктаган анан сен аны өрттөп жибергенсиң, мойнуңа алганың эле жакшы, оңой бизден кутулуп кетем деп жатасыңбы, азыр мойнуңа алсаң, зордуктаган экен намыстанып бензин чачып өрттөп жибериптир деп сени бошотуп коёбуз сеники туура да зордуктаса өрттөп салган жакшы да намысың күчтүү кыз экенсиң. Агалар мен жок деп айтып атпайымбы, аны чагылган урду, мени эч кандай зордуктаган жок мен кызмын. Демек мойнума албайм дечи анда өзүңдөн көр, алып келчи ийнени деп званясы пасыраак бирине айтты эле ийне көтөрүп келди. Ай бутум, бутум ай деп кыйкырганы таш боор боору катып калган адамдын эле жүрөгү чыдап көзү менен көрүп, кулагы укпаса, сен экөөбүз чыдай алмак эмеспиз. Ийнени улам бутуна сайып, Аруузатты чыңырткандан чыңырткан. Акыры түрдүү ыкмаларды колдонуп жатып, байкуш Аруузат шайы ооп өлөрүнө аз калганда чыдабай ооба мен өлтүргөм деп жиберди, мындай азапты көргөндө аял киши эмес эркек киши деле чыдаарына күмөнүм бар. Мына жанале ушинтпейсиңби, азап чеге бербей ме многу кагаздарга кол кой да эс ал. Аруузаттын алдына таштаган кагаздарга баарына кол койду, ал окуп деле көргөн жок башкысы азаптан кутулуп жатканына ыраазы. Кана кантип өрттөп жибердиң, бензин мененби, ал сени кандай кылып каерден зордуктады? Жок ал мени эч кандай зордуктаган жок, мен кызмын. Тур тиги экспертизанын жыйынттыгын дагы алып келчи, окуп чыксын. Чындап эле окуса, жыйынтык да жаңы эле кыздыгы алынган деп жүрөт, көрүп алып таңгала үн сөзү жок туруп калды. Ий эми эмне дейсиң? Ичинен оо Кудай мени кечире көр, Хазирет сен да мени кечире көр башка аргам калбады деп ойлоно кетти дагы, ооба мени зордуктап салганынан намыстанып өзү алып келген бензинди чачып өрттөп жибердим, бензинди чачканда колума да чачылып кеткенби ошол себептен колум дагы күйүп кетти. Аруузат айтып жаткан сөздөрдү бирөөсү жазып жаткан, ал кагаз сотко өткөрчүү кагаз эле. Мына эми ишиң бүттү, Хазиреттин атасын билесиңби кандай авторитеттүү киши, ал эми сени жөн койбойт түрмөдө чиритет, тур муну камерага алып барып, жаап койгула...
Уландысы бар...14
Автор: Акматбеков Заирбек
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 41