
Көздөрү шишигенче ыйлаган Каныкей ,өзүнө ачуу өлүмдү каалап , өзүн өзү өлтүргөнү чоң каналга боюн таштайм деп чуркап бара жаткан эле....
Каныкейдин чачы узун,келбети сулуу болгону менен акылы кыска болчу. Албетте өзүн өзү өлтүрөм дегендик акылынын көптүгүнөн кабар бербейт эмеспи. Динден батыш менен чыгыштай алыс эле. Үстүндө үйү, астында унаасы, кымбат-кымбат кийимдерди кийип койкоюп басып, өз жигитинин колунан кармап,тамактануучу ,эс алуучу жайларда журуп өмүр сүрүүнү бакыт деп билчу. Ата-энеси кызын тамак-аш, кийим менен камсыз кылышканы менен ,адеп-ахлак ,тарбия деген нерселерди берүүнү унутушкан эле. Каныкей эми гана он сегиздин эшигин ачып,мектепти да жарытпай,эптеп аяктаган. Кыйынчылыктын кыпынын да көрбөй өскөн ,ата-энесинин жападан жалгыз,эрке кызы болду. Чоңойдум деп жигиттен жигит тандап акыры бирөөнү жактырып калган эле. Ал да өзүнө окшогон мансаптуунун , текебер,акылсыз баласы эле. Экөө ээрчишип кафе,клубтардан баштары чыкпай жүрүштү. Каныкей бакыттын балына жеттим деп кубанып жүрдү. Кызды кантип азгыруунун жолун жакшы билген жигити жакшы сөздөрдү сүйлөп,белектерди биринин артынан бирин алып берип жатты. Ошентип күндөрдүн биринде, али көп нерсени түшүнө элек,жаш кыздан алчуусун алып,максатына жеткен күнү дайынсыз жок болуп кетти. . .
Каныкей эмнеси болсо да ата-энесине айткан эмес эле. Убакыттар учуп ,бир жылдан соң ата-энеси менен чогуу иш алып барышкан тен-туштары кудаалашып Каныкейге сөйкө сакышканы келишкен эле. Каныкей угаар замат эмне кылаарын билбей ,үйүнөн чуркап качып ,ата-энесинин аброюн түшүргөнүн аңдап ,өзүн-өзү өлтүрүүнү чечип , агып жаткан чоң сууга өзүн таштайын деп баратты эле. . .
Адам баласы өлүмү тандап,канча аракет кылганы менен Аллах Тааланын өкүмү болмоюнча өлүм келбейт эмеспи. Адам агызгыдай чоң сууну карап , ыйлаганын баса албай, өңгүрөп ыйлай берди. Капысынан бирөөнун ырдап жаткан жагымдуу ыры кулагына чалынды. Ал күндө суунун жанына келип ,ырдап турган Айжан аттуу сегиз жаштагы кыз эле.
Каныкей жашын сүртүп ,анын жанына акырын барып ,ырын угуп турду. Айжан:
"Шаркырап токтобостон агасын,
Сен суу билбейм кай жактарга барасын.
Бирок билем күндө угуп,тажабай,
Өз кайгымды кучагыңа аласын."
-деп элде жок кооз үнү менен бериле ырдап жаткан эле. Айжан жанында кимдир бирөөнүн бар экендигин сезип ырын токтото калып, "Ким бул?"-деди. Каныкей " Кечирип коюңуз мен...."-деп сөз таба албай туруп калды. Айжан акырын жылмая " Сиз эмнеге ыйлайсыз? Көп ыйлаганыңыз үнүңүздөн байкалып турат. "Сиздин да бут кийимиңиз жыртылып,бутуңуз жарылып кеттиби ?"-деди акырын.Каныкей болсо эмнени айтып жатат деп: "жоок"-деди.Айжан кайра "Же сиздин да жууп-тараар, өөп-жыттаар ,асыл,мээримге толгон, жүрөгү кенен апакеңиз дүйнөдөн отконбу?"-деди . Каныкей болсо " жоок"-деди. "Анда мен сыяктуу ,жарык ааламды көрө албаган,мектепке барып ,кыздар менен аралашып окууну самаган,жок дегенде өз жүзүн күзгүдөн көрө албай,ар таңда көзүм көрүп калаар деген үмүткө байланган инсансызбы?"-деди суроолуу. Каныкей дагы "жоок"-деди. ..
Чындыгында кичинекей Айжандын жашоосу өтө аянычтуу эле. Анын көзү бул жарык дүйнөнү көрүүдөн куру калган. Апасы жүрөк оорудан жакында кайтыш болгон.Бир гана атакесинин өтө зирек,акылы тунук, жакын кызы. Жакыр жашашканына карабай Айжан кичинекейинен сабырдуу болуп өстү. Атакеси жумушка кеткенде , ушул суунун жанына келип,арманын,кайгысын айтып,кээде ырдап,кээде ыйлап ,бугун чыгарган соң,акырын жол көргөзгөн таягы менен үйүнө жетип алчу.
Баарын өзүндөй ойлогонунанбы, же мээримдуу кыз боор ачыганынанбы айтоор суроолорду берип ,жанындагы байкуштун ыйлаганынын себеби эмнеде экенин билгиси келген Айжан " анда эмнеге ыйладыңыз эжекээм?"-деди. Каныкей бул кичинекей кыздын ар бир суроосуна ой жүгүрткөн соң,дагы ыйлай баштады. Колундагы даяр бакытты баалабай жүргөндүгүн сезип катуу өкүндү. Кичинекей кыздан чындыкты жашырбай " мен чынында өзүмдү өзүм өлтүрүүнү чечип ,ушул жерге өзүмдү таштайын деп келгем . Азыр болсо ал чечимден баш тартып олтурам.
Чынында менин эки көзүм көргөнү менен ,алар чындыкты,тазалыкты көрбөй жүрүшкөн тура. Айтчы синдим,мен жаман иш кылып койдум ,мени эми ата-энем кечиреби ?"-деди ызалуу. Айжан кичинекей тунук акылы менен" Менин азыр апам тирүү болгондо, суунун эмес апакемдин жанында болмокмун. Мен мурда чайнекти капысынан түшүрүп алып,апакемден кечирим сураганда "Кечирдим садагам"-деп урушкан эмес "-деди жылмая. Каныкей ичинен :"кана жөн гана сен сыяктуу бир идишти гана сындырсам,мен өз наамысымды сындырып ,талкалап олтурам"-деп кайгырды.
Ойлонуп кичинекей Айжандын бетинен өөп,ичинен "акылыңдан айланайын,тагдырың мен сыяктуу акмактарга сабак боло турган экен"-деди. Мотурайган кызды бекем кучактап,бетинен өөп,:" мен эртең ушул жерге келем,сен да кел ээ?"-деп коштоштуу.
Кантсе да үйүнө барып ,болгон чындыкты апасына айтып көрүүнү чечти. Ээх, жашоом ай! Жаратканым мени кечир,сени эми эстедим,уктап жаткан көздөрүм эми ачылды,баарына шүгүр деди.Акыйкатты айтам, баардык сөзгө сабырдуулук менен карап,эмне болсо да мындан ары оңоломун деп,ар бир кадамын ойлонуп таштаган Каныкей, үйүн көздөй басып бара жатты......
Үйүнө кирген соң,апакеси: "Аай, кайда жүрдүң? Бир заматта сени таппай калдымго! Эмне болду, жактырган башка жигитиң барбы? Улуу инсандардын астында бизди шерменде кылганың кандай,эмне унчукпайсың?-деди кызына. Каныкей:" Апаке мени укчу! "-деп ачуу болсо да, мурдакы болгон ишти ирээти менен айтып берди. Апасы: " Акмактан акмак чыгат деген ушул да! Башың болгону менен башыңда акылың жок экен! Өчүргүн үнүңдү! Эл укса эмне дейт,атаң уксачы!"-деди ичи алоолонуп күйгөнүнөн. Андан соң үн жок,айлана жымжырт болуп,эчкимиси сүйлөгөн жок. Каныкей да эмне демек эле? Унчукпады. Бир аздан соң апасы:"Тек гана сени күнөөлөдөн алысмын! Сенин тарбияңа көңүл бурбай,келечегиңе кайдыгер караган айып бизде! Кызым ,кагылайын,эми акылыңа кел. Менин айтканымды кыл. Ал жигитти таап сазайын берээр күн келээр! Азыр маанилүүсүн чечели. Бүгүнкү келген инсандардын баласына бир жоолугуп көр"-деди. Каныкей: " Апа эмне деп жатасың! " . Апасы" Эгер тил табышып калсаңар,жигитке өзүм түшүндүрөм "- деди ойлуу. ..
Эртеси Каныкей ал бала менен жоолугу үчүн, экөө белгиленген кафеге келди. Жигит эрте келип ,кызды күтүп жаткан экен. Каныкей кечиккенине үзүр сурап, отургучтан орун алды. Жигит бай, мансаптуу кишилердин баласы болсо да, жупуну,эң жөнөкөй кийинип алган,башында молдолордукундай топу. ..
-Келиңиз максатка өтсөк карындашым!Апакемдин сөзүн эки кылбай,сиз менен кезигип олтурам.-деп Абдулла жумшак сүйлөдү.
Шытырайып, чапташкан,кыска юпка кийген Каныкей, бул мырзадан тартынып,юпкасын ылдый чойгулап кеп баштады:
-Кечирип коюңуз, сизди башкача элестеткем. Байдын балдарындай болуп,кекирейе сүйлөсө керек дегем. Сиз башкача инсан экенсиз.-деди.
-Билесизби, бараар жерибиз эки метр чуңкур болгон соң,эмнеге кекирейип,бой көтөрөйүн. Анын үстүнө байлык меники эмес,атамдыкы эмес, бир гана Алланыки. Кааласа алат,кааласа берет. Болгону берген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,жакшы амалдарды кылып калышыбыз керек.-деп Абдулла жылмайды.
- Туура айтасыз. Мен өзүм жөнүндө айтсам, өзүңүз көрүп тургандай эрке болуп өстүм. Жашоомду акылым эмес,напсим башкарып ,жыргалда жашадым. Чындыгында байлык менен гана адамдарды баалашат деп ойлочумун.Көрсө ,байлыктан тышкары адамдын абийирин, уяттуулугун жана жасаган иштерин баалай турган нерселер бар экен. Билесизби,мен жашоомдо адаштым! Наамысымды жоготтум.-деп мурдакы акылсыздыктан жамандыкка кабылганын айтып берип:- андыктан сиздей акылдуу инсанга тармушка чыгып,кедергимди сизге да тийгизгим келбейт. Жашооңузду ууга айланткым келбейт,сиздей инсанды баалап,кадырлай да албайм. Суранам,үйүңүздөгүлөргө жөн гана жакпай калганымды айтыңыз-деди, бетиндеги агып жаткан жашын сүртө.
Абдулла абдан акылдуу жан эле,ал дагы жакшы иштин себепчиси болуп: -Билесизби, чындыгында сизге жоолугушумду бир гана апам өтүнгөнүнөн,жанымды койбой суранганынан келгем. Апамдын сөзүн жерге таштабаган инсанмын. Динибиз да ушуга буйруйт. Ыймандуу,акылдуу кыз менен жашоо абдан сонун эмеспи. Кеч болсо да жашоону түшүнүпсүз! Апасынын тилин алган адам эч качан өкүнбөйт деп ойлойм.
Сизге камкор,күйүмдүү инсан болоюн. Бир шартыма ынасаңыз болгону. Чогуу бакытка умтулуу үчүн жок дебеңиз! -деди жигит.
Мындай сөздөрдү бул инсандан күтпөгөн Каныкей:-кандай шарт?-деди.
-Мага турмушка чыккан соң Аллах буйругандай жашоого аракет кыласыз. Жоолук ороносуз,диниңиздин дубалын курасыз. Ошентип үй-бүлөөбүздүн келечегин ойлойлу! Ислам чыныгы бактылуулук! Менин ата-энем да диндер алыс инсандар болгондуктан жоолукчан кызды алуума каршы болушуп,сизди сунуш кылышкан. Өткөндү унутуп,мени менен бактылуулукка кадам таштаңыз. Баарын түшүнүү менен кабыл алам, Ыраазысызбы?-деди жигит.
Каныкейдин мындан аркы максаты оңолуу гана болгондуктан,Аллахка шүгүр айтып,макул болгон соң, той болуп,тойдун эртеси да болду.....
Жаш үй-былөө өздөрүнүн гана жашоосун оңобостон, Каныкейдин акты таап кетишине себепкер болгон Айжанга да жардам колун сунушту. Анын көзүн чет мамлекетке барып даарылатып келишти.Ошентип быйыл Айжан он жашында мектептин биринчи босогосун аттаган кербези. Тагдырына абдан ыраазы.Беш убак намазын таштабай,жардам беришкен Абдулла менен Каныкейге да унутпай дуа кылып турат.Каныкейдин кубанычында болсо чек жок,анткени жашоосун өзгөрттү жана бир айдан соң көз жарып,жашоого кичинекей ымыркайды алып келейин деп турат. Бул бакыт эмеспи...?
Ооба, ошондуктан инсан жамандыкта,кыйынчылыкта жакшы нерселерди үмүт кылып,ал кырдаалдан чырайлуу чыгып кетүүгө аракет кылуусу керек. Кыйынчылык ар кимдин башында бар. Өлгөн менен баарынан кутулулушуң мүмкүн эмес! Жашоонун арабасын туура түртүп,мусыйбаттарга сабыр кылып,өз өмүрүңдү көрктүү өткөр.
Автор:Айтикул кызы Амина.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9
Аллахым ыраазы болсун.