
Үлгү- өлүм!
1. Жалгызмын дебеңиз - Жалгыздын шериги Жараткан . Кандай абалда калбаңыз, кандай кырдаалда болбоңуз, жаныңызда сизди эч качан таштабаган ,унутпаган жалгыз Кудай Таалам.
2. Досум жок дебеңиз - Дос издегенге Жараткан жетиштүү. Канчалык мыкты , акылдуу дос , курбу болбосун , кыйын учурда сизди таштап же кыянаттык кылышы мүмкүн , же өз оокаты менен алек болушу толук мүмкүн, ошондуктан сырдашыңызда , муңдашыңызда , сүйүнүчүңүздү тең бөлүшкөн жалгыз колдоочуңүз Жараткан Кудай Таалам.
3. Душманды алыстан издебеңиз - душман жалгыз сиздин өз напсиңиз. Напси деген балээни жеңүү өтө оор. Таза ,ыйманы бекем гана адам өз напсисин тизгиндеп, тыя алат. Напсини жүрөккө киргизип алган пендеге , бир тууганда , туугандар да, керек болсо балдары да экинчи орунда болуп калат. Напси эч качан тойдум, мага жетиштүү , болду дебейт, ал болгон сайын дагы, дагы дегенди гана билет.
4. Үлгү издеп жүргөн болсоңуз - ага өлүм жетиштүү. Дүйнөнү башкарып , титиретип турган Темирлан өткөн бул дүйнө,
-жети кылым тактысын алдырбай Осмондор өткөн бул дүйнө,
-Мен Кудаймын деп өзүн кыйын сезген - Фараондор өткөн бул дүйнө.
- Кудай жок деп үйрөткөн атеисттер өткөн бул дүйнө.
-Падышасы өткөн, ханы өткөн, -Пайгамбарлар өткөн ,
-Илимди терең казып окуган Аалымдар өткөн бул дүйнө.
Сөз кадырлап , сөз баккан чечендер өткөн бул дүйнө .
- Баш алмай бар ,тил кесмей жок деп , ак таңдай , сөзүн таамай айткан акындар өткөн бул дүйнө.
- Үзүлгөндү улаган , курама курап журт кылган ,Даткалар өткөн бул дүйнө.
- Кыскасы жаралгандын баары өткөн бул дүйнө.
Кабырга (мүрзөгө) барган кезде ,же элестетип көз алдыңызга келтирип көрүңүз ,менмин деген кыйындар өткөн бул дүйнө. Эч ким ,эч качан бул дүйнөгө түркүк болуп калган эмес , кандай жылаңач келген болсо, ошол жылаңач бойдон кайра кара жерге жатат.
Өлүм Улук!
Өлүм бизге үлгү!
Өлүм бизге сабак!
Өлүм бизге тарбия!
Өлүм- дегенде коркпоңуз - өлүмгө даярдык жок баргандан коркунуз бир тууганым. Биз менен кара жерге жыйнап алган байлык ,акча , алтын ,катар катар үйлөр , кымбат баалуу кийимдер кошо кетпейт .
Биз менен кара жерге - бул дүйнөдө кылган жакшылыгыбыз , намаз , орозо, жакшы ниет, зекет , садакабыз гана кошо кетет.
Ойлонуңуз ,ойгонуңуз бир тууган , башыбызга келген апаат бизге сабак, бизге тарбия!.
Өлүм чындык ,анын келери чын - бирок Жаратканым ошол өлүмдүн кечинен бер элиме . Уул кыздардын , небере ,чеберенин жакшылыгын көрүүгө ар бир пендеге насип эт ылайым. Карылык доору - өзү бир дөөлөт. Ошол дөөлөттүү карылыкты насип эт жалпыга.
Өмүр бер ар бир пендеңе- бирок ошол өмүр пайдалуу болсун. Пайдасыз өмүр тирүүлөй тозок. Тирүүлөй тозоктон сакта бизди Жараткан.
Салынуу кашык деп бекеринен айтпайт улуулар, ар бир кылган ишибиз , сөзүбүз сөзсүз өзүбүзгө балдарыбыз аркылуу кайтып келет , ошондуктан жакшылык кана кыла билели , жакшылык кайтып келиши үчүн.
Каниет ,сабыр , жеңилдик бер жашообузга.
Улууга да , кичүүгө да ыйман ,ынсап , адеп бере көр Жараткан.
Берүүчү кол кыла көр бизди, анткени сураган колдон берген кол жакшыраак сенин алдыңда.
Жаман көздөн , жаман сөздөн , курук доомат менен бөөдө келген кырсыктардан сакта , эки дүйнөдө шерменде кыла кыла көрбө момун пендеңди, бизди.
Жаратканым -Сен Улуксуң, Сен кечиримдүү жана берешенсиң. Сен кечиргенди жакшы көрөсүң . Билип билбей , пендечилик кылып, кылган күнөөлөрүбүздү кечире көр .
Өзүмө каалаган бардык жакшылыктарды, ар бир пендеге каалайм . Оомийин!.
Эскертүү адамзат үчүн пайдалуу!#дилазык
Динара Сулайманова.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6