4- болум.
Кызы Тансулуунун кечиндеси уйго кабагы салынкы, маанайы жок келгенин коруп, кемпирин нукуду атасы:
- Артынан кирчи сурачы, тынччылык бекен?
Эмне болду экен?
Апасы кирип сураганда эле солкулдап ыйлап кирди Тансулуу.
Апасы да жайына койду, толук ыйлап алгыча.
Ыйлап болуп женилдедиби апасына баарын тизмектеп айтып берди...
- Менде эч айып жок, Байнур байке менен ортобузда эч нерсе жок.
Мен аны сыртынан эле таанычумун.
Мен жумушка киргени жаркылдап кулгонун коргон жокмун. Корсо кеоинчеги ооруп, ошого маанайы жок журчу экен.
Марта эженин тажиясына, коллектив менен бирге барганда билдим. Аялын коргон эмес элем апа. Кийин болумдун башчысы Гулсара эже, кундузу жумасын кезек менен карайбыз дегенден башталды баары.
Уулу Асылбек 4 жашта.
Кызы Айзирек 2 жашта экен.
Кезегим келгенде баргандан баштап эле "апа" деп алышты мени.
Кетеерде алдап бекинип уктатып коюп качып кетип журдум...
Байнур байке бир дагы ашыкча соз суйлогон эмес мага апа.
Гулсара эже менен коллектив балдарды ая, боорун ооруйттур деп чарчатышканынан, арыз жазып, жумуштан келе бердим. Атама туура тушундуруп коюн, урушуп журбосун. Аябай чарчадым уктап алайынчы - деген кызына эмне дешин билбей, чачынан сылап, мандайынан ооп, уктай кой кызым, эртен суйлошобуз деп, устуно одеял жаап акырын чыгып кетти.
Ачуусу бат келип, бат тараган чалына акырын, баарын тушундуруп айтып берди...
Ойго келбеген кепти угуп, кебелбеген жаны кашайган кексе киши, эмне дешти билбей кемпирин акырая карады.
Жай сал уктайлы...
- Тансулууну жумушка алып барганда коргон элем ал жигитти.
Элпек, адамгерчиликтуу, адептуу экен эле...
Жетекчиси жок экен эле, орун басары катары бат эле жумушка кабыл алган.
Ыраазы болуп кайткам.
Чынында жаман жигит эмес, бирок...
- Эл эмне дейт?
Эки баласы болсо, кызыбыз жаш, окууну эми буткон, турмушка чыга элек болсо? -деди кемпири.
- Элге эмне баары бир да. Казанына аш салып бере беле?
Мени ойлондурганы балдары болуп атат...конуп, байланып калган турбайбы?
- Башканы алса деле конот бала деген.
- Кой тун ортосу кадылдашпайлы экообуз... чечимди озу чыгарсын, ага чейин унчукпайлы...
Буюрганы болот да...
Уландысы бар

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10