
Канткен менен касиеттүү кишинин жети күнкү деминен уламбы, Сырганын өңүнө кызыл жүгүрүп, баскан-турганы баштагысындай оңоло түшкөнгө Асылбек да жайдарылана түштү.
– Тигил апа эмнени эле сүйлөп кетти? – деди кечки тамактын үстүндө Сырга, – Абдан сыпайы киши эле... Жарыктык, кичине алжый түшкөнбү?
“Ырас эле” деп ойлогон Асылбек да ошого ынангысы келип:
– Өгүнү: “Быйыл күздө токсон жетиге чыгам” деп божурап келди. Дагы сөөгү жакшы, кыйын киши экен, – деп жубайына оюн-чындан тамаша айтты, – Бир жылан көргөнгө эле ушунча убара кылдың, ушу сен алтымышка жетпей, алжыбасаң болду...
Кыткылыктап күлгөн келин адатынча күйөөсүнүн мойнуна оролуп, эркеледи:
– Болду да эми, кечке эле ошону айта бербей!
– Болбойм! Эмнеге болом! Же калппы?..
Экөө анан алышып ойноп, ошол жерге кулашты.
Бирок так ушул күндөрдөн, ушул убакыттан баштап, чын эле бир укмуштуу окуянын башталганын алар байкашкан жок.
Бул убакта ары карап ойноп отурган Кызмончок өз тилинде чулдурап сүйлөп, кытылдап күлүп жатты. Ата-энеси болсо: “Бала жакшы ойноп жатат,” – деп санаалары тынч. Бала жылан адатынча керегенин астынан жарым жартылай кирип алып, мойну-башын койколоктотуп, наристеге бийлеп берип жаткан. Бара-бара Кызмончок да жыланга көнүп, көрүнбөй калса тегеренип издеп, кайсалактап калчу болду. Кээде атайын эле тыпылдап жөрмөлөп барып, жылан кирип-чыкчу керегенин астын шыкаалап, үн салып чакырат эле. Бала неме жылан эмне экенин билип коюппу, тек гана аны көздөрү жылтыраган, эки ачакей тили, жаны бар оюнчуктай көргөндүр...
Көпкө чейин байкабаганы менен Асылбек менен Сырга жыланды кийин көрө калып жүрүштү. Атургай алар бара-бара Кызмончоктун жылан менен кадимкидей үн алышып, чулдурап сүйлөшүп, көнүшө түшкөнүн да баамдап, байкай башташты. Бүбү эненин алжыбай-этпей эле, касиетинин али күчүндө экенине ошондон кийин гана ынанып, жыланга кол көтөрмөк түгүл өздөрү да ага акырындап көнүшүп, атүгүл ансыз коңултуктап калышчу болгон. Жылан да ошону сезгендей, буларга эми ачык эле аралашып, ээн-эркин сойлоп келе баштады. Кудум ойноп-ойноп чарчаган балага окшоп, Кызмончок уктаганда кошо уктап, бешиктин аяк-башына түйүнчөктөй түйүлүп жатып калат да, ал ойгонгондо кошо турат.
Бара-бара Сырга да ага ишенип алды. Эшикке кенен-кесири кирип-чыгып:
– Мен бээ саап келейин, сен Кызмончокту жакшылап карап тур, ээ? – деп, кээде: – Суу апкеле коёюн, жарайбы? – деп кишиге ишенгендей ишенип кетет да, бирок баары бир шашкалактап, жүгүрүп келет
Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун арасына жаз менен жай канчалык кеч келген сыяктуу, күз да ошончолук эрте келет. Эртели-кеч күн сууктап, жакага түшөр маал да кирип келди.
“Көчөбүз” дегенден бери жылан жөнүндө ойлончу болгон Сырга:
– Тиги эмне болот? – деди үй чечип жатканда санааркай. Ал жыландын атын атагандан айбыгып, дайыма ошентип койчу:
– Кызык, биз кетсек тигил издебес бекен?.. – деди дагы.
– Ким билет, издеп-издеп калар да! – деген Асылбек өзү да азыр ушуну ойлоп турган. Бир чети анын макулук болсо да буларга ылым санап, аралашып алганына ичи жылыса, бир чети андан таптакыр кол өзүп кетүүнү эп көрдү.
“Бөрү баласы ит болбойт”, канткен менен айбан да. Бирде болбосо бирде жазып-тайып! .. – ушуну ойлогондо Асылбектин денеси “дүр-р!” дей түшөт, – Бала деген бала да, ойноп жатып ачуусуна тийип алса, айбан неме?!..”
Жыланга чактырып, баласынын “чыр-р!” эткени көз алдына элестей түшкөн Асылбек эми өзү да бул жерден эртерээк кетүүнү ойлоп, шашып калган.Жылан келгенде боз үйдүн орду гана калыптыр!
Адегенде эмне болуп кеткенине түшүнбөй, адашып башка жерге келип алгандай айлана-тегерегине чебелене карап, акыры асман-жери аңтарылып кеткендей болду! Анткени, жандилинде жакшы көрүп, өз тукумунан артык көргөн бул эки аяктуу пенделерин жоготуп, чаламандын чак түшүндө таппай калам деп ойлобосо керек ал!
Жылан да болсо көздөрү алачакмактап, ордунда тегеренип-тегеренип кетти! Үнү чыкпаганы менен жандүйнөсүндө ааламды жаңырта бир катуу кыйкырып алды! Боз үйдүн ордун улам кайра, улам кайра тегеренип, Кызмончоктордун кай тарапка кеткенин аңдай албай, ааламды айландыра карачудай, тикесинен тикчийип туруп алып, көзү жеткен жерлерди кыдырата карады.
Анткен менен бала жылан бу кезде баягыдан алда канча ирденип, алда канча чоңоюп калган...
Өздөрү эч кимге эчтеке айтпаганы менен, айыл-ападагылар эчак уу-дуу болуп, эки кишинин башы кошулса эле кеп кылганы Асылбектин үй бүлөсү болуп калыптыр. Жада калса коңшунун:
– Сыйга апа, өөлайды өөп алайынбы? – деп мурдун шор тартып, эртели-кеч өйгө эрчишип кире берчү балдары да буларды чочуй карап, бойлорун ала качып калышкан экен. Бир күнү анан ошол балдардын чоңураагы Сыргадан:
– Сыйга апа, сиздин өөлай чоңойгондо жылан болотпу? – дейт элейе карап.
– Ок! Эмне дейт?! – ансыз да араң жүргөн Сырга чочуп кетет, – Ким айтты антип?!
– Тиги-и... апам, анан Бөкөндүн атасы, Жийденин апасы... Ии-и... – деп какап-чакап жатып бир топ кишинин аттарын атап жиберди бала.
Эзели оозунан жаман кеп чыкпаган Сырганын жаны кашайып кетти:
– Ошолордун оозуна кара таш! Капырай, кенедей баланы ошенткенге кантип ооздору барат?!.
Деген менен уурусу кармалып калган кишиче өңү түктөйүп, кенедей баланын көздөрүнө тике карай албай кайпактап кетти.
Ал эми кичинекей Бектемир бала болсо да Сырганын:
– Жок! Алар калп айтат! – дегенин уккусу келип, анын көздөрүнөн бир нерсе издегендей үмүттүү карады. Бирок, тилекке каршы Сырга апасы антип айткан жок. Эмнегедир шаабайы сууй түшкөн бала, кошуна апасы үйүнө кирип кеткенден кийин да бутунун учу менен жер чукулап, көпкө чейин ошол жерде турду...Ошол жылы кар эрте түшкөн. Түнү бою балпалактап жаап чыккан кар таң атканча тоо-түздүн баарын аппак кылып боёп таштады. Эртең менен чыйрыгып ойгонгон Сырга туруп эле терезени карап:
– Кар жааптыр... – деди. Эмнегедир эсине бала жылан түшүп кетти.
– Тигил байкуш кантти экен? – деди анан тоо тарапты санааркай карап. Бирок Асылбек чын эле ачууландыбы же тек гана ошентимиш болдубу, айтор жактырбагандай күңк этти:
– Ал жөнүндө экинчи кулагыма угузбачы! Ансыз да элден жакшы сөз уккан жокпуз!
Сырганын оозу жап болду. Ошондон кийин жылан жөнүндө кеп кылганын токтотуп, бара-бара эсинен чыгарып да таштаган. Анткен менен жылан дайыма наристенин түшүнө кирчү. Кудум баягысындай койколоктоп бийлеп, Кызмончокту күлдүрүп, ойнотуунун аракетинде боло берет эле. Ошондон уламбы, “шырп!” эткен дабыш чыкса Кызмончок элеңдей түшүп, тегеренип издеп калчу. А бирок ата-энеси аны байкачу эмес.
Эл ичиндеги уу-дуу ушак азайып, эл катары тиричилик өтө берди. Асылбектер жаз алды менен акылдашып, бул жайда жайлоого конуш которуп, таптакыр башка тарапка көчмөй болушту. А бирок!.. Бирок алардын антээрин билген сымак, күндөрдүн бир күндөрүндө булардын турмушунда баягы бала жылан кайра да пайда болду!..
Кызмончоктун тили чыгып, жыгылып-туруп басып калган.
Кыркындын маалы болчу. Наристе кой короодо, эне-атасынын жанында ойноп, колундагы чыбыгын сереңдетип, мал айдаган болот. Аны көрө ата-энесинин ичи эзилип, жалынып-жалбарып коюшат.
– Эптеп киши болуп келатат ээ, атасы? – деген Сырга, Асылбек улам бир койду жылаңачтап, жүнүн сыйрып алып тургузган сайын экинчисин шыйрактап келет.
Аңгыча короодогу мал “дүр-р!” этип үркүп, Асылбектер жактагы бурчка чогулуп калышты. Короонун аркы бурчунда сербейип, Кызмончок эле калыптыр!
– Буларга эмне болду?! – деди Сырга ары жак, бери жакка сереп салып.
– Ит-сит жүргөндүр да, – деген Асылбек ага анчейин маани берген жок. Сырга да ошого ынанып, тынчый калды да:
– Кызмончок?! Кел бери? – деп ичи ысый, элжирей чакырды. Бирок кызы апасын карап да койгон жок. Чыбыгын турган жерине таштап салып, ошол жердеги жем-акырдын ичине колун сунуп, өзүнчө кытылдай жыргап күлүп, өзү менен өзү сүйлөшө берди.
– Кош! – деп Сырга бурчка тыгылган койлорду бери айдады эле, эмнегедир бири да жылбай, көшөрүп туруп алды.
– Буларга эмне болгон?! – деп аларды артынан түрткүлөп жатып, бир убакта оюна бир нерсе түшө калгандай “селт” этип, жүрөгү лакылдап кетти. Кызынын жанына кантип учуп жеткенин өзү да байкаган жок.
Жаңылбаптыр! Койлор жем жечү узун акырдын ичинде ийрелип жаткан жылан башын көтөрүп, Кызмончокту тиктеп туруптур. Сырга эмне кыларын билбей кетти! Оозунан келмеси ыргып, же кызын көтөрүп ала коё албай, же күйөөсүн чакыра албай, экөөнү алмак-салмак тиктеген боюнча нес боло түштү.
– Эмне болду?! – деди аны байкай койгон Асылбек. Сырга жооп берүүнүн ордуна, оозунан алдырган кишидей аны жалдырай тиктеди. Ошондо гана Асылбек ишин токтото коюп, алда неден кооптонгондой басып келди да, көргөн көзүнө ишенип да, ишенбей да делдирей түштү – жылан! Болгондо да баягы бала жылан! А бирок андагыдан алда канча өзгөрүлүп, кадыресе жыландай чоңоюп калыптыр. Булар жыландын ошол экенин анын өңүнөн, көздөрүнөн таанышты. Атүгүл Кызмончок да аны таанып, быйтыйган алаканы менен башынан, жонунан сылагылап калыптыр. Ак жылан ансайын балбырап, буларга сагынычын билдиргенсип, ким-кимисин муңайым тиктейт.
Сырга эсине келе калгандай анан баланы так көтөрүп ала койду эле, Кызмончок чырылдап ыйлап, жыланга умтулду. Эмнегедир Асылбектин жаак эттери карышып, булчуңдары чыңала түштү. Эл ичиндеги: “Кызмончок чоңойгондо жыланга айланып, жыландан балалуу болот имиш!” – деген кеп кулагында кайра-кайра кайталанып, мээсин эзип жиберди. Ошон үчүнбү, жыланды жек көрүп, ушул жаткан жеринде жайлап салгысы келип, колундагы жаркылдаган курч , миздүү жуушаң кайчы менен тап берип калды эле, жылан заматта көздөн кайым болуп, Сырга дагы чырылдап жиберди:
– Жинди болдуңбу?! – деди ал энтиккен күйөөсүн каруудан ала, – Баягыны унуттуңбу?! Дагы буларды өчөштүрүп... азапка кабылалы дейсиңби?!
– Эк! Барчы, ары! – Асылбек аны түртүп ийип, ары басып кетти.
Ошол күндөн тартып бул үйдөгү убайым, баягы сары санаалар кайра дагы башталды.
Ак жылан болсо баарына кайыл болчу. Жандүйнөсүнө жакын, жакшы көргөн бул үчөөнү таап алганына кубанып, бирок Асылбектен жалтактап, жакын келе албай аларды алыстан акмалап, айылда жүрдүАнткен менен Асылбек бу жылы деле баягы, көнгөн жайлоосуна чыкты. Жыландан баары бир из суутуп кете албасын билгени үчүн ошентти го.
Элдир-селдир эс кирип, “кой-айды” билип калган Кызмончок ата-энесинин жыланды анчалык жактырбасын билчү. Ансайын, жылан келген сайын аларга жагалдана эрекелеп, калп күлүп, экөөнүн мойнуна алмак-салмак асылып, жароокерленип калчу. Аны Асылбек менен Сырга да, жылан да түшүнчү.
Анткен менен жайлоодо алар: “Эл көрүп коёт, угуп коёт”, – деп көрүнгөндөн корунуп-кысынбай, ээн-эркин күн өткөрүп калышты. Айрыкча Кызмончок менен ак жыландын күнү тууду. Эртели-кеч эрчишип алып, көк шибердин үстүндө каалаганча ойношот. Кээде экөө маңдай-тескей олтуруп алышат да, Кызмончок алда нелерди божурап, тигиниси аны кишиче тыңшап, ийрейип жатып алып кулак төшөйт.
Асылбек мал-салга карап, күндүзү үйгө көп токтобой аттанып кеткендиктен, Сырганын эки көзү, эси-дартынын баары эле ошол экөөндө болот. Кээде акырын барып, экөөнүн жанына отурат. Бирде алардын ысык-ынак, ынтымактуу мамилесине ичи жылыса, бирде чочулайт. “Чагып алабы,”– деп коркконунан дагы, анын жүрөгүндө өзү да ишенээр-ишенбесин билбеген, түпөйүл бир санаа бар!
“Кантип эле?!.” – дейт кээде өз оюнан өзү чочуп. Кан-жанынан бүткөн, сербейген кенедей кызынын качандыр бир жылан болуп кубулганын элестетип да, ишенип да түтө албайт.
“Ойлорумду оңдой көр, Кудай!.. Мени кечире көр?!” – дейт жакасын кармап.
“А балким, жылан адамга кубулсачы?.. – дейт сана арасында, – Эгерде чындап эле Жараткандын кубултууга күчү жетсе... Жок! – дейт кайра өз оюна өзү каршы чыгып, – Эч качан андай болбойт! Эч ким эч кимге кубулбайт! Калп ал! Жомок!..”
Сырга ушинтип ойлонуп кеткиче Кызмончок менен жылан кыйла жерге узап кеткен болот. Кээде Кызмончок жыланды ат кылып, эки аягын эки жакка сунуп таштап, жонуна эпейип отуруп алат да:
– Чү! Чү! – деп теминген болот. Жылан да андайда болгон күчү менен жыйрылып, алга жылат. Ансайын Кызмончоктун күлкүсү чыгып, кубанычы кучагына сыйбайт. Экөөнү карап отурган Сырга да ал экөөнүн жоругуна кубанып, аларга кошулуп жыргап күлөт. Кээде экөө томолонуп-тумаланып, көк шибердин үстүнө жыгылганда: “Эти ооруп кетип, чагып албаса экен!” – деп корккон Сырганын үрөйү учат. Кызмончок кудум куурчак көтөргөнсүп, кээде жыланды бооруна бекем басып көтөрүп алат да, анын жерде сүйрөлгөн тулкусуна кайра өзү чалынып жыгылып, көмкөрөсүнөн кетет...
#ЖыландынСуйуусу
Уландысы бар


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2