
Коркконгобу же чыйрыгыпкалганбы, Сырганын ээги-ээгине тийбей, калчылдап чыкты. Асылбек кызын анынколуна кармата коюп, экөөнүн үстүнө бирдей калтар ичигин жаап, кымтылап койду. Өзүанан сыңар тизелеп отура калып, бир колуна чырак кармай, бир колу менен жылансындырып кеткен бөтөлкөнүн сыныктарын кармалап, карап жатты. Сүт төгүлүп,нымдалган жерди да сөөмөйү менен чукулап көрдү. “Бул кандай сыр?! Жыландын булэмне дегени?!” – акыл-эсин жабалактап, жалаң ушундай суроолор ээлеп алганыменен, жандырмагын такыр таба албай койду! Кайдан тапсын!..
Кара чаар жылан баласынын изинкууп, бул үйгө тээ күүгүмдө эле келгенин, жаза тайып, бала жыландын изинен жаңылганын, акыры: “Булар баламды жайлаган экен! Анда мен да алардын тукумун куруткылайын! ” – деп ою жамандыкка бурулуп, бөтөлкөгө уусун куюп кеткенин, бирокжолдо баласын таап алып, кайра келип уусун төккөнүн, бу жыландан башкача бүткөнмакулуктун бир өзүнөн, анан да бир Кудайдан башка ким билет?!
Асылбек мешке от тамызды. Кургаккуурай менен тезек заматта дуулдап, чаркеш меш “тырс-турс! ” этип ысып, үстүндөгүчайнек тызылдап, эми элеки мистейген үйдүн ичине жан кире түшкөнсүдү.
Кайнап, төгүлө баштаганчайнектен чай куюп, кызын кучактаган боюнча кыймылсыз катып отурган Сыргагасунду:
– Ысык-ысык ууртачы...
Айткандай эле жан кирип, жылый түшкөнжубайы бир убакта:
– Асылбек, – деди ыйламсырап, – Жакагакетеличи?
Күйөөсү унчуккан жок. Аялы мененкызын ороп-чулгап төшөккө жаткырды да, Сырганын көзү илингенден кийин сырткачыгып кетти.
Асман ачык экен. Тээ төмөндөн күрүлдөп-шарылдагансуунун дабышы эле болбосо, түн жымжырт болчу. Жылдыздар жымыңдап, ай жарыктурат. “Бир аздан кийин таң сүрөт”, – деген Асылбек көөдөнүн кере, муздакабадан терең-терең дем алып, көкүрөгүндө көрөңгөлөй түшкөн суроолорго жоопиздеди: «Соо жыландар эмес булар! А бирок... эмнеге алар менин үйүмдү айланчыктап, имерчиктеп калышты?! Же бир жеримден жаза тайып, жаңылдымбы? ! Эмне кылдым?!.”
Бирок жообун такыр таба албай, көпкөчейин сыртта жүрүп, качан гана жылдыз суюлуп, жерге жарык түшө баштаганда гана үйгөкирди. Ансыз да түнү бою эти от менен жалын болуп, чабалактап чыккан Сыргашыбырттан чочуп, бакырып тура калды да, Асылбек экенин көргөндөн кийин да көпкөчейин жүрөгү лакылдап, өзүнө келе албай жатты.
– Мен эле... – деген Асылбекаялын жоошута көкүрөгүнө кысты, – Болду эми, кечке эле корко бербей! Алар эмикелбейт. Кетишти...
Анткен менен бир эле түн ичиндеушунчалык өзгөрүлүп, өңүнөн аза түшкөн келинчегин аяй, кабыргасы кайышып кетти.Баладай кылып кымтылап жаап, төшөгүнө кайра жаткырып жатып, эмнегедир эсинечарадагы сүт түшүп кетти. Жакын келип, сүткө үңүлө карады. Каймагы калдайып,демейдегидей эле өңдөндү. Ошентсе да алда неден күмөн санай, сүттү эшикке көтөрүпчыгып, үйдү айлантып чубурта төктү да, куйругун шыйпаңдатып жетип келген дөбөткөкалганын куюп берип, ит ичип бүткүчө карап турду. Кожоюнунун бул жолкумарттыгына таң калгандай, Кумайык шоңшоюп отура калып, дагы үмүт эткендейАсылбек менен чараны алмак-салмак тиктеди. Кудай жалгап ит эч нерсе болгон жок.Бир топ убакыттан кийин итти кайра да чыгып карады.Сырга уйкусунан ойгонгондо күнкыйла көтөрүлүп калган. Ошентсе да, демейдегидей болбой денеси талыкшып, башы көтөрүлбөйкалыптыр. Нымшып тердеп, алсыз шалдайган колдорун араң көтөрүп, төшөнчүсүнжыйды. Анткен менен Асылбектин ашыкча камкор боло түшкөнүнө ичи жылый, көңүлүкичине көтөрүлө түштү. Бирок бир убакта көздөрү алда неге уруна калып, эмнекылаарын билбей калдастай калды да, эшикке чуркап чыкты:
– Асылбек?! Асыке дейм-м?!
Атын токуп жаткан күйөөсү тизгиндимамыга шашылыш орой салып, чуркады:
– Эмне болду?!
– Жүрсөң, Асыке?! – башка эчнерсе айтпай эле эрин билектен алып, үйгө жетелеген Сырга босогонуаттап- аттабай жатып, түндөгү бөтөлкө сынган жерди көрсөтүп:
– Тигини карачы! – деди өзү да бүшүркөйкарап.
Асылбек сыңар тизелеп отура калып,мештин алдында чалкасынан түшүп, курсагын чандайтып өлүп жаткан чычканды көрдүда, буларга жедеп көнүшүп, эчактан тааныш болуп калган, кичинекей зыяны жок макулуктукамчысынын учу менен оодарып карап:
– Ыргытпа! – деди калак көтөрүпкелген Сыргага.
– Эмнеге? – таң кала сурадыкелин.
– Жөн эле. Кокус ууланып өлгөнболсо, ит-сит жебесин дегеним.
Ушул жолу Сырга дагы суранды:
– Асыке?! Бул жерден кетеличи?! .
Укпай калган окшоп, Асылбек андада үндөгөн жок. Чычканды калакка өзү салды да, алып чыгып баратып:
– Тигил, сүттүн ордун кырыпсалчы, бала кармабасын! – деп үйдү айланып басып кетти.
Сырга бул күнү кечке кызынколунан түшүргөн жок. Качан гана уктаганда жүктүн үстүнө жаткыра коюп, жердегиала кийизди эшикке жайды. Түндө сүт төгүлүп, нымдалышкан жерди шыпырып салып,ошол жердеги бармак басымдай оюктун оозуна топурак толтуруп койду.Үйдөгүлөр качан тынчый калып, эшикке кеткенде, же уктаганда ошол оюктан дайыма жанагы чычкан чуркап чыгып, ары-бери жүгүрүп тамак издечү бечара. Анын кичинекей көздөрү өтө коркок, анткен менен баланыкындай ойноок, мээримдүү болчу. Адегенде Сыргадан аябай коркор эле. А кийин экөө көнүшүп алган. Сырга уянын оозуна дайыма тамак коюп койчу. Айткандай эле, ошондон кийин чычкан чыны менен эле капты жыртып, жууркан-төшөктү аралаганын койгон. Качан-качан уядан анын тумшугу, анан жылтылдап көздөрү көрүнүп, башы кылтыйып чыкканда Сырга:
– Ой, жалкоо, тамаксоо! Дагы чыктыңбы? Тамакты талаадан издебейсиңби! Биз кеткенде кантесиң?! – деп тап берип калчу.
Байкуш чычкан! Көнгөн адаты менен бу жолу да эртең менен жүгүрүп чыгып, ууланган нанды жеп ийип, тындым болуп жатпайбы!
Ансыз да босого тарапка улам кылчактап, жылан кирип келаткандай элеңдеген Сырга чычканын шылтоо кылып, бышактап ыйлап алды. Канчалык карманганы менен, акыры андан ары карманууга кудурети жетпей калды. Түнү менен жөөлөп, эти от менен жалын болуп, улам түшүнөн чочуп тура калып, уктабай чыкты. Эртең менен эрте аттанып, жакага түшүп кеткен Асылбек түш оой Бүбү кемпирди алып келип калды.
Бүбү кемпир жети күнү катары менен Сырганын жүрөгүн көтөрүп, дем салды. Ар бир жолкусунда өзү кошо шалкылдап тердеп, миң бырыш баскан чүтүрөкөй жүзү бирде кубарса, бирде кызарып, көздөрү бирде сүзүлүп, бирде аңтарыла түшүп: “сүф-ф!” – дем улам дем бүрккөн сайын жоолугунун астынан булайып чыккан ак буладай чачтары кошо сапырылып, желге желпилдей түшүп жатты.
Ара чолодо энтигип, эси оогондой эки колун “шалак” таштап ийип, шалдайып отуруп калат да, бир топто барып:
– Бери болчу! – деп эти качып, териси эле калган арык, анткен менен карылуу колдору менен улам кайра келиндин жүрөгүн көтөрөт.
Ара чолодо Кызмончокко да дем сала коюп жатты да:
– Кудайым чоң сактаган экен! – деди, – Балага катуу көз тийиптир! Бирок, Кудайдын кудуретин карабайсыңарбы! Кайра эбепке – себеп кылып...
– Кимдин көзү тийет, апа? Жайлоого чыкканы киши-кара деле келген эмес?
“Мени эмне, калп айтып жатат дейсиңби?! ” – деп жактырбагандай эне келинди кыйгачтай карап алды да:
– Кишинин көзү тийсе, наристе көтөрүшү мүмкүн. Кеп башка... – деп келатып, көздөрүн жума калып, көпкө чейин унчукпай чайпалып отурду да:
– Астафрылла! .. – деп жакасын карманып ийди, – Буту-колсуз, ырайы суук кара чаар жыландын сугу өткөн экен буга!..
Кемпирдин кудум жыланды өз көзү менен көргөндөй окшоштуруп айтканына таң калып, Асылбек менен Сырга бири-бирин карашты.
– Ооба, апа, алиги жыландын кебетеси так ошондой болчу, – деди келин.
– Ошондо жылан үйүңөргө экинчи жолу кириптир... Биринчисинде мына бу жерде жаткан окшойт... – Асылбек, жатчу жерди таягынын учу менен чукулап койду, – Жарык өчкөн кезде анан бешикке келиптир... Асылбек, сен туйган экенсиң го?!
Асылбек “селт” эте түштү: “Менби?! Кантип?!..” Анан бир нерсе жүргөндөй көкүрөгүнөн алды бүлкүлдөй түшүп, бирок сыйпалап көрүп, колуна эч нерсе урунбаганы, Сырга экөөнүн сүйлөшкөндөрү эсине түшүп кетти.
– Бирок, ошо байкабай калганың дурус болуптур, – деди эне анын оюн окугандай, – Бу да болсо Кудайдын колдогону да... Ошондон кийин жылан бешиктин жанына келип, балага назарын төшөп, көпкө карап турган экен, сугу өтүп кеткендей... Бала чыңырып-чычып ыйлады беле? – көздөрүн ачпаган тейден, ошол окуяны кудум көрүп жаткандай сүйлөнө берди эне.
– Ооба! – дешти жубайлар.
– Бирок жыландын кайрылып келгени жакшы болуптур! Болбосо, сугу баланы соо кылмак эмес! Жарыктык, ошону билип, назарын кайра алганын кара!..
– Апа, аларга эмне керек экен?! – деди Асылбек чыдамы түгөнгөндөй.
Апа андан аркысын айткысы келген жокпу, же чын эле чарчап калдыбы:
– Балам, мен кары кишимин. Чарчадым! Анын үстүнө мен Кудай эмесмин да! Теңирдин айт дегенинен ашыкты айта албайм! – деп койду.
Качан гана жетинчи күн дегенде Сырга өзүнө келип, төшөктөн турду. Ошондо гана Бүбү кемпир үчөөнү маңдайына отургузуп алып, улам бирин камчы менен жонго таптап, көпкө чейин дуба окуду. Андан кийин да теспесин тегеретип, эриндерин гана бүлкүлдөтө ичинен күңгүрөнүп, көздөрүн жума чайпалып отурду.
Кичинекей Кызмончок да алда нени түшүнүп койгонсуп, атасынын алдында момурап, кемпирден көзүн албайт. “Эми дагы эмне деп ийет?” – деп ичтеринен түйшөлгөн жубайлар бири-бирин үнсүз карашат. Тээ далайда гана кемпир ичиркене, денесин бир катуу силкип, жыйрылып алды да:
– Ля иляха-илляллоху мухаммадур расулулах! – деп бир нече жолу үн чыгара келме келтирип, – Астагфираллах, астагфираллах! – деп жакасын карманып ийди. Ошондон кийин да далайга барып майы түгөнүп, бүлбүлдөгөн көздөрүн жылтырата чала-була ачып, өзүн тиктеп, үн-сөзү жок алайып отурган үчөөнү кыдырата карап:
– Бул балада касиет бар экен, – деди Кызмончокту ээги менен жаңсай, – Колдогону бар экен...
Бир убакта кемпир башка дүйнөдө жүргөндөй өзү менен өзү болуп кетти. Ким бирөө менен сүйлөшүп жаткандай бирде угуза, бирде угузбай күңгүрөнүп атып:
– Ал силерден кетпейт го... Кетпейт! – деди, – Акыр аягында бири-бириңе ымалашып! .. Астагфираллах! Көзүм эмне шумдукту көрүп, көкүрөгүм эмне шумдукту туюп жатат?! Шумдук бул!..
Бүбү үн чыгарбай, алда нени угуп жаткандай дымып, жымжырттыкка кулагын түрө тунжурай калып, тээ далайда барып анан:
– Өх-х-хх!.. – деп өзөгү жарылып кеткендей созолоно, узакка үшкүрдү да, шалдайып отуруп калды.
– Апа?! – деп ийди жедеп чыдамы кетип, жүрөгү лакылдаган Сырга бир убакта, – Эмне көрдүңүз, апа?!
Өңү түктүйгөн Асылбек да кемпирден ушуну сурагысы келип, бирок өзүн кармай, сабыр тутуп отурган.
– Билбейм! – деди кемпир чындап эле өзүнө-өзү күмөнсүй, – Жакшылыкка да, жамандыкка да окшобогон бир укмуш!
Башка эч нерсе айтпай, этек-жеңин кагына анан ордунан козголду:
– Мен кетейин...
– Ачык айтып, ак сүйлөңүзчү, апа?! – Сырга анын этек-жеңине жармашты, – Айтыңызчы, апа?!
– Чш-ш! Кантет? – деди эми бүбү кемпир аны жоошута бек-бек айтып, – Ботом, бу кандай опсуз келинсиң, өзүң?! Мен жыландардын адам баласына ык тартып, зыянсыз аралашканын айтып жатам!
– Аа... – деген Сырганын жүрөгү ылдыйлап, ынангансып калды да, ордунан тура калып, байбиченин үстүнө көйнөк-чапанын жаап, сүзмө-курут, каймак-май, набат салган куржунун ала чуркап:
– Апа, муну бала-бакырага ала бараңыз, – деди.
Байбиче босогого жеткенде алда нени унутуп калгандай артына атайын кылчайып:
– Айтмакчы, ал макулуктардан эми чочучу болбогула. Жыландардын силерге залакасы жок! Жакшылык-жамандыгыңарда жаныңарда болчудай... Бирок бу тууралуу көрүнгөнгө айта бербей, сыр сактаганыңар оң! – деп анан алакан жая бата кылды, – Омийин! Жараткан Теңирим силерди жамандыктардан, саат-кырсыктардан коргоп, колдосун!
Бүбү кемпирди Асылбек куржун-чанач артылган боз бээге так көтөрүп атказды да, тээ Жинди-Чаптан ары ашырып, узатып келди.
– Болду эми, балам! Катын-балаң жалгыз эмеспи, кайта бер! – деди ошол жерге жеткенде апа, – Эми мындан аркы жер сырдана го, жетип алам. Бара гой!
Айткандай эле адырдын этегинен чоң апасынын жолун акмалап, небере-чөбөрөлөрү тосуп жүрүшкөн.
#ЖыландынСуйуусу
Уландысы бар


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2