
" 6-барак!
Арадан канча кун отту билбедимго коздорумду ачсам ооруканада экенмин.Башымда эки кызым олтурат.Медерим корунбойт.Кыздарым козумду ачканым учун апалап ыйлап жиберишти.А мен болсо -Медер каны кызым деп сурадым.Чон кызым -Медер ушул жерде апа азыр сыртка чыккан болуучу дедиди.-Аялычы,аялы жакшыбы деп сурадым.-Апа жакшыдыр биз кайактан билейик.Жаны жолдошу менен жыргап жаткандыр деди кичине кызым.-кой андай деп айтпа кызым.Ал озу кеткен жок мен аны кетирдим дедим.Мен балам ачуу устундо аялын бир нерсе кылып койот деп аябай коркон болчум.Ангыча эшик ачылып балам кирип келип калды.Коздорум каралымдын каректерине кагылып,бир ооз соз айтканга тилим буралбай айыптуу жандай унсуз ыйладым.Баламдында коздоруно жаш тегеренди.Бирок мен анын коздорундогу жаш,аны торогон аялдын азыркы абалы учунбу же алты кызды белек кылып айласыздан таштап кеткен аялы учунбу агып жатканын айырмай албадым.Ал мага жакын келип -мени кечирин апа дедида кайра чыгып кетти.Аны кармайын деген колдорум сунулганча калып кетти.Дарыгерлердин айтканынада конбостон калганын уйдо дарыланам деп оорууканадан чыгып кыздарым менен уйго келдим.Эки кызыма -ининерди тездик менен уйлондуруу керек.Азыр анын жалгыз жашашы ото коркунучтуу кыздарым.Тушторум бузулуп жатат.Ага кыз тапкыла,жана аны уйлондуруго кондургуло.Эми мен жалгыз аны менен алышканы кудиретим жетпейт кыздарым.Шум ажал атанардын ордуна мени алгандада бугун баары башкача болмок беле кыздарым.Оз баландын козуно огой эне болуп корунгондон артык азап барбы дуйнодо деп жаным оругандан жер тизелеп калдым.Эки кызым эки жагымдан колтуктап мени жаткызыштыда -апа сиз сыгылбан биз Медер менен суйлошуп коробуз.Уйлонбой кайда бармак.Болгону сиз журогунузду сыкпан дагы ооруп калас дешип менин конулумду которушуп жатышты.Оо кудайым кыз бала уулдан коро энеге мееримдуу бирок тукумунду улап кетуучу уулбала болбосода кыйын экен деп ойлонуп жатып козум илинип кетиптир.Тушумо мен учун алма бак тигип,канча жылдар мурда мени дуйнонун бардык азаптарын мойнума илип таштап кеткен жолдошум кирди.Бул жолу ал мени адаттагыдай ак баскан чачтарымды сылабастан алыстан-эмнеге мындай кылдын?-деген коз караш менен мага термелип барып корунбой калды.Ошондо биринчи жолу туура эмес иш кылып жатканымды сездим.Бирок кеч болгон болуучу.Кирпич эчак калыптан кочкон болуучу.......
Баламдын болмосунон ачуу кыйкырган унунон ойгонуп кеттим.Кулак салсам балам эки эжеси менен айтышып жатыптыр.-Эже кантип ушул создорду айтып жатас оз ининизге.Алты кызын жана айдай аялын кооруй албаган эркектен ким бакыт кутуп турмушка чыгат.Сизге айтканы оной.Бирок арман,ачуулук,куйут толгон журок менен жаны турмуш баштоого болобу эже. -Болот иним,эгер сен энендин алдындагы бурчунду ойлосон болот.Олумдон башка баарысынын айласы бар иним. -Эже ансыз деле мени тируулой туруп горго тыктынар.Мейли апамдын ак сутун акташ учун уйлонойун,мейли кудайым ыраазы болушу учун апамды ыраазы кылайын,Мейли атамдын керези учун уйлонойун.Бирок сиз мага турмушка чыга турган кыздын убалынан коркпойсузбу эже.Мен коркомун себеби менин алты кызым бар.Сиз али кыз торой элексиз ошондуктанда ата эне учун кыздын ар бир кирпиги бейиштин чырпыгы менен барабар экенин билбейсиз эже.Сиз уйлон деген кызыныз мага он уул тороп берседа мен аны эч качан бактылуу кыла албаймын эже.Аны менен мен бир эстелик же сурот катары жашашым мункун.Солокотум аны менен болгону менен жан дуйном аялым менен жашайт.Мен баламдын артык создоруно чыдап тура алганым жок.Эшикти шарт ачып кирип барып-Медер ырас сен кыздын убалынан корксон анда келин аласын.Оз убалы озу менен.Эл ичинде эри олгон же ажырашкан келиндер жок эмес.Мен сага эри олуп эки уч бала менен жесир калган келин алып берем.Оз балдары учун сенин бардык азабына чыдап,муздай тонгон журогунду жыгач саптуу балтасы менен чапкылап,балдарына ырыскы терип берген энени оз козун менен коросун балам.Ошондо менин кадырыма жетесин.Мен бул кокурогунон сутуу агып,куну туну балдарым деп,тиш тырнагым менен тырышып,жесирлик менен жетимдиктин нанын жеген аял сага айтып жатам.Оз бутум чор болуп тикенек кирседа,жыртык мазы калош менен иштеп силерге бут кийим сатып алгам.Балдарым жыланаяк ойнобосун деп.Аттин арман балам чонойуп мени ойлобошун билген эмесмин ошондо.Сен бугун оз энендин коздоруно огой энеге карагандай карап жатасын.Сени жетелеп басканды уйроткон,энен менен соз талашып жатасын.Мен жашап оттум жалгыз аяк жол менен.Канча жолу жыгылып,канча жолу жузум тытылды.Бирок бир жолуда журогумдо атанарга болгон сезим очкон эмес.Балам сен ошол мен жактырган арстандын жалгыз тукумусун.Оз эненди махабат эмне экенин билбейт деп айыптаба.Эркек башына мынданда оор кундор тушот.Чыныгы эркек аялы учун эмес,оз энеси олгондо гана сендей туну куну ыйлайт.Пешененде болсо аялын кайтат сага бир куну.Бирок эне жалгыз дуйнодо.Ал олгон сон кайра тирилбейт.Эссиз сага берген тарбияларым,Эссиз сени деп тогулгон коз жаштарым.Акылдуу жан болгонунда мунун баарын айтырбай билмексин.Чындап ыйласан сокур коздон жаш чыгат.Аял алуу айп эмес.Турмуш сыноосуна туруштук бере албай,махабат кулуна айланып алсыз калган айп.Сен оз болмонду кооздогон сурот болуп жашап каламынбы?-дейсин.Ооба сурот коргон адамга кооз.Анын ички дуйносун ар бир аялдагы коро албайт.Бирок ар бир эркек турмуш жолунда оз суротун озу чызат.Боегуда оз колунда калемида оз колунда.Кандай нийет кылса суротуда ошондой чызылат.Балам сен унутпа мен сени болок аялдын болмосундо сурот болуп жашасын деп уйлоп жатканым жок.Оз суротуно озун жан бер,жашоо бер,махабат бер.Ошондо гана кудайым сага уул перзент берет.Оз энендин журоогун ооруткандан болокдагы жумушту уйрон.Мен сени акыл эстуу эр жигит деп ойлогон болчумун деп чоколоп дубал суйонуп калдым.Балам тизелеримди кучактап -апа мени кечирин кечирин мени мен уйлонууго макулмун деди.Оксуп кеткен конулум таштай катып кетти окшойт баламды туртуп жибердимда жан сырдашым болгон алма бакка коздой бастым.....Ой жан сырдашым алма бак эмнелер болуп жатат айланада.Ой алма гулун белек кылган арстаным.Коз жашымды коруп жатасынбы?Алма бактын колокосундо сени менен олтурамын,алма гулун этегине толтурамын деген эмес белен арстаным.Алма сабагында булбул болуп сайрабасанда,айсыз калган тундорумдо ай болсон болбойт беле.Ар бир коктом келген сайын алма гулун мага белек кыламын деп,айсыз таалага жалгыз таштап кеткенин бул эмнеси арстаным...........
Балам ошол ошол бойдон мага бирда конулумду ооруткан соз айткан жок.Менда Келинимдин апасы баскан жолдон барып балама алысыраак озумдун тууганыбыз болгон бир эжемдин эки уулу менен жесир калган кызына,бир кой сойуп,торт аксакалды чакырып уйлоп койдум.Ушентип бир жакшынакай бир таттуу уй-було чачылып кетти.Мен башында алардын ушунчалык бактылуу болушун каалаган болчумун.Айла канча тагдыр экенда.Баламго эркек кыздары жанында,бир эптеп омур сурор,журогундо бирда кири жок алты кызы жана жолдошу менен тен ажыраган асыл келиним кантип жатты экен деп ичимди ит тырмап сыздап жаттым.....
Балам тагдырына жазылган экинчи турмушунан конулу анчейин толгон эмес болуучу.Ал озу айткандай экинчи аялынын кучагында бир кооз жана жансыз суроттой жашап жатты.Ал мени аяп жаттыбы билбедимго менин жанымда таптакыр башка адам,болмосундо болсо башка адам болуп жашап жатты.Алардын болмосуно баш бакпасамда баламдын коздорундогу менден жашыра албаган,оз энесине болгон тарыныч жана куйуттун бар экенин коруп журогумду мыжыгылап кун откоруп жаттым.Балам оз суротуно озу жан бере албай же озу тарткан суротун айрып салалбай эки ойдо калып,кечки тамактан сон аны муну шылтоолоп мени менен бир убакка чейин суйлошуп олтуруп акыры мойнунан байлаган иттей оз болмосун карай басат.Эмне кылып койгонумдуда билбей калдым.Менда оз махабатым учун арстанымдын келечеги учун куроштум.Балким адашкандырмын оо кудайым озун кечире кор.......
Бир куну Чон кызым бизди коргону келип калды.Баарыбыз тун бир убакытка чейин суйлошуп олтуруп тарадык.Коздорумо уйку келбей жатсам ойгок жаткан экен кызымда -апа уйкунуз келбей жатабы,менда уктай албай жатам.Апа ушул кундор аралыгында келининиз торойт.Байкуш кантип жатты экен.Торогондон сон аны барып коруп келейин деп жатам сиз макул болсонуз апа.Медерге эч нерсе айтпайбыз деди.-Мейли кызым аман эсен коз жарып алса экен.Коркупда жатам ар дайым кыйналып тороочу.Анын устуно тее тоодун башында кайдагы торот уйу бар дейсин.-Апа камтама болбон жолдошун жакшы адам деп уктум.Алардада алыс болсода торот уйу бар алып келер.деди кызым.-Барибир журогум тынч эмес.Алда менин кызым болуучу.-апа эмне торойт экен деп ойлой берип тугондум.-кызым эмне торосода эми ал болок эркектин никесинде.Эми ал биздин неберебиз болбойт.Каны биздики болгон менен журогу болок атаныкы кызым.Биз аны талашыбыз мункун бирок эне менен баланы,тери менен тырнакты ажырата албайбыз дедим.-Туура айтас апа.деп кызым биразга ун катпай туруп андан сон -апа байкадынызбы келиниздин бойунда бутуптур.Кудайымдан уул болсун деп тилейик апа деди.Коздорумо жаш келди-айтканын келсин кызым уул болсо экен.Бул баардык конгойлор арта калып жарыктыктын нууру тогулсо экен биздин уйго деп ыйладым.....
Эртеси кызым кетип жатып мага бир кат берип -апа бул биринчи келининиздин Медерге жазган каты кийин окурсуз.Тойдон алдын Алардын уйун тазалап жатып таап алган болчумун деди.Мен катты ачып окуганы кудиретим жеткен жок.Аны тагынчактын кулагына катып койдум.Кечке чейин неберелерим менен алышып кундун кеч болгонунда билбей калдым.Эмнегедир балам ошол куну жумуштан ото кеч келди.Балдар баары эчак уйкуга кетишкен.Келиним окобуз баламды кутуп уктабай олтурдук.Балам кеч болсода келди.Ал уйлонгондон бери биринчи жолу кеч келди.Аялы дасторкон сала баштады эле -курсагым ток деп башын тиземе койуп коздорун жумду.Мен келиниме Барып жата бер дегендей башымды кыймылдатып ымдап койдум.Келиним али салып буто элек дасторконун жыйып чыгып кетти.Баламдын коздорундогу жашы агып койногумду жибитип денеме барып жеткенде бутун жан дуйном эзилип сыздап чыкты тилингендей.Колдорум калтырап анын пешенесинен сылагандан болок бирда соз айталбадым.Эчаккана суту качкан кокрокторум зымырап,зымырап ооруп чыкты.Балам -апа мен коркуп жатам.деп оксуп -апа эмнеге мени мынчалык бактысыз кылып тородунуз экен апаке деди.Балам биринчи аялы ушул кундору толгок тартып,дуйнонун мин бир азабы менен торойт турганын ойлоп сай соогу сыздап жатканын мага ачык айта албасада аны мен анын создорунон байкап жаттым.Ага кошулуп ыйлап жаттым,сыздап жаттым.............уландысы бар


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6