Кыргызстандын муфтийлигине 9 адам талапкер болду.
Муфтий кызматына сынактар 24-июнга белгиленген. Бул тууралуу Уламалар кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тандоо турунан 9 талапкер өттү:
- Нурбек Токтогулов,
- Султанали Гапуров,
- Шүкүр Исмаилов,
- Нематилла Жээнбеков,
- Ниязали Арипов,
- Убайдулла Сарыбаев,
- Шакир Маматов,
- Сайдамир Джейналиев,
- Замир Ракиев.
Шайлоо өздөрү 26-июнда өтөт.
Чөптүн баасынын кескин көтөрүлүп кетишинин бирден-бир себеби, Казакстанга керектөө үчүн массалык түрдө сатып алуу болуп саналат
Кыргызстанда малга чөптүн баасынын кескин көтөрүлүп кетиши бир катар факторлорго, анын ичинде Казакстанга жеткирүү үчүн чөптү массалык түрдө сатып алууга байланыштуу. Бул тууралуу мамлекеттик монополияга каршы агенттигинен билдиришти.
Анда айтылгандай, эң олуттуу өсүш Чүй облусунда орун алып, анда бир таңгак чөп 7-июндан 14кө чейин 1,6 эсеге (+90 сомго) - 160 сомдон 250 сомго чейин көтөрүлдү.
Министрликтин айтымында, баанын көтөрүлүшү коңшулаш республикаларда Казакстан менен Өзбекстанда чөпкө болгон массалык суроо-талапка байланыштууболуп жактанын жана ал жакта кург
"Карвен Групптун" ээси Генрих Балян УКМКнын эсебине 60 миллион сом которду
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кармалып, алдамчылык иши боюнча тергөө изоляторуна киргизилген Karven Group компаниялар ассоциациясынын ээси жана Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Генрих Балян УКМКнын атайын эсебине 60 млн. сом которду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Ишкер акчаны Росинбанктагы (азыркы Керемет банкы) насыя карызын төлөө үчүн которгону такталды.
Бүгүн, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Генрих Баляндын баш коргоо чарасын тандайт.
Элчи Ибрагим Жунусовдун Румыниянын элчиси менен жолугушуусу болуп өттү
Кечээ, 16-июнда, Өзбекстандагы Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусов Румыниянын Өзбекстандагы элчиси Даниэль Кристиан Чибану менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда, жолугушуунун башында Румыниянын элчиси Даниэль Кристиан Чибану өзүнүн дипломатиялык ишмердүүлүгү, ошондой эле саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү румын-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалы жөнүндө кыскача маалымат бергени айтылат.
Өз кезегинде элчи Ибрагим Жунусов кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө айтып, ошондой эле ага Өзбекстандагы жаңы дипломатиялык ишине ийгилик ка
Кыргызстандын дыйкандары 8-июлдан баштап малды экспорттой алышат
8-июлдан тарта дыйкандар Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары жерге мал жана майда жандыктарды экспорттой алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министринин орун басары Ильич Марсбек уулу билдирди.
Ага ылайык, министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынан айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары жерлерге алып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтомуна бодо малды жана майда жандыктарды бирликтен тышкары жактарга экспорттоого уруксат берүү жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилген.
"Өз кезегинд
Чуркоо боюнча чемпионатта мыкты кадрларды алуу үчүн кыйтайлык оператор спортчулардын алдында чуркады.
Кытайда 8-июнь күнү абдан кызыктуу окуя болду.
Анда университеттин чемпионаты болуп жаткан учурда, оператор керектүү кадрларды алуу үчүн мыкты физикалык даярдыкты жана ылдамдыктын кереметтерин көрсөтүп, спринтерлердин артында калбай, алардан алдында чуркады.
Шансиде болуп өткөн 100 метр аралык жарышынын эпизодунун видеосу TRT World твиттер каналында жарыяланды.
Ыкчам оператор жергиликтүү колледждин студенти болуп чыкты. Жигит чемпионатта иштеп, 8-июнда өткөн спринт жарышын тасмага тартып алган.
Жүз метр аралыктагы таймашта ал жарыштын катышуучуларынын алдында болжол менен 10 метр аралы