Предыдущая публикация
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кармалып, алдамчылык иши боюнча тергөө изоляторуна киргизилген Karven Group компаниялар ассоциациясынын ээси жана Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Генрих Балян УКМКнын атайын эсебине 60 млн. сом которду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Ишкер акчаны Росинбанктагы (азыркы Керемет банкы) насыя карызын төлөө үчүн которгону такталды.
Бүгүн, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Генрих Баляндын баш коргоо чарасын тандайт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев