Кандай гана адам болбосун ал өзүнүн ишин ийгиликтүү болушун каалайт. Ал кайсыл гана ишти кылбасын, аягы ийгилик менен коштоп бүтүүсүн самайт. Өзгөчө сен мусулман тууганым өзүңдүн ишиңдин ийгиликтүү болушун башкаларга караганда көбүрөөк аракет кылууң керек. Жалкоолуктан жана алсыздыктан алыс болуп алдына карай аракеттенүүң башкаларга караганда көбүрөөк болуш керек. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ сага жана жалпы мусулмандарга жалкоолуктан алыс болуп ишиңдин ийгиликтүү бүтүүсү туурасында мындай деген насаатын айтып кеткен:
Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: *”Ыймандуу Күчтүү адам алсыз ыймандуу адамга караганда жакшы жана Аллахка сүйүктүү. Бирок ар биринде (өзүнө жараша) жакшылыктары бар. Сага пайда берген нерсеге гана аракет кылгын. Аллахтан жардам сурагын жана эч качан алсыз болбогун. Эгерде ишиң оңунан чыкпай калса, анда мындай кылсам андай болмок эле, мындай болмок эле дебегин! Бирок Аллах тагдырына жазган экен, ал каалаганын кылды деп айткын”.* _(Муслим)_
Бул хадисти карай турган болсок, анда Пайгамбарыбыздын сөзүнөн ийгиликке жетүүнүн 5 баскычын байкайбыз. бул 5 баскычтын ар бирин кыскача түшүндүрүп чыгабыз. Аягына чейин окуңуз.
1- Баскыч. *“Ыймандуу Күчтүү адам алсыз ыймандуу адамга караганда жакшы жана Аллахка сүйүктүү. Бирок ар биринде (өзүнө жараша) жакшылыктары бар”.*
Ыймандуу жана күчтүү болгон адам бул – ыйман келтирип колунан көп нерсе келген адам. Күчтүү адамдан максат билеги жоон жана денеси физикалык күчкө толгон адам гана максат кылынбайт. Жалгыз Аллахка ыйман келтирип колунан көп иш келген өнөрлүү адамдардын баары максат кылына берет. Андыктан Аллахка болгон ыйманы жагынан күчтүү адам ыйманында алсыз болгон адамга караганда Аллахка сүйкүмдүү. Зекетин берип Аллах берген ырыскыга шүгүр кылган бай адам кедей адамга караганда Аллахка сүйкүмдүү. Өзү илим алып элге илим үйрөтүп илиминде күчтүү болгон адам илимсиз адамга караганда Аллахка сүйкүмдүү. Ошондой эле спорт менен машыгып денеси күчтүү мусулман адам да денеси алсыз адамга караганда Аллахка сүйкүмдүү.
Андыктан мусулман адам Аллахка сүйкүмдүү болуу максатында гана бир ишти ийгиликтүү бүтүрүүгө аракет кылуусу керек. Бир иштин ийгилигин гана негизги максат кылып алгандыгы туура эмес. Анткени бул убактылуу дүйнөдө иштер канчалык ийгиликтүү болсо да, анын пайдасы өтүп кете турган нерсе. Ал иш жана анын ийгилиги түбөлүккө калбайт. Бир гана Аллахтын ыраазылыгы түбөлүккө калат. Андыктан бир ишти баштаарда Аллахка сүйкүмдүү болууну гана көздөп ишке киришүү керек. Бул ийгиликке жетүүнүн башаты.
Эгерде кимдин колунан көп иш келе бербесе же бир ишке мүмкүнчүлүгү жетпесе, анда да көптөгөн жакшылыктар бар. Анткени ал алдына карай аракет кылып жаткан мусулман туугандарына дуба кылат. “Эгерде менде мүмкүнчүлүк болгондо мен да Аллах үчүн катуу аракет кылмакмын” деп ниетинде ыкластуу болот. Ал ушинтип ыкластуу ниети жана жүрөктөн кылган дубасы менен көптөгөн жакшылыктарга жете берет.
2- Баскыч. *“Сага пайда берген нерсеге гана аракет кылгын”*
Адам бир ишке киришерден алдын “Бул менин бул дүйнөмө же акыретиме пайда бере алабы?” – деп кар карап көрүш керек. Бул ишимди аягына чыгарсам да убагымды жөн эле кетирип алган болбоймунбу?” – деп өзүнө суроо берип да көрүш керек. Анткени көпчүлүк мусулмандар өзүнө керексиз болгон иштер менен өмүрүн жана кымбат убактыларын текке кетирип жүрүшөт. Ойлонуп көрүшсө Акыретине пайда бербеген жана бул дүйнөсүнө да пайда алып келе албаган иштер менен алек болуп жүрүшкөндүгүн билишет. Андыктан мусулман биринчиден Акыретине андан кийин бул дүйнөсүнө да пайда берген иштер менен гана алек болушу керек.
3- Баскыч. *“Аллахтан жардам сурагын”*
Адам Аллахка сүйкүмдүү болуу үчүн бир иштин пайдалуу жагын карап иш баштаардан алдын Аллахтан жардам суроо да керек. Адам бир иштин көзүн канчалык билсе да ишин аягына ийгиликтүү чыгаруу үчүн Аллахтын жардамына муктаж. Өзүнүн күчүнө гана ишенген адам текеберлик менен жана өзүнө суктануу менен ишин аягына чыгара албайт. Аллахтан жардам сурабаган адам пайдалуу иш кылса да бирок ал ишинде шайтан ага сөзсүз тоскоол болот. Андыктан адам ишти баштаардан алдын Аллахтан жардам сурап андан кийин башташ керек.
4- Баскыч. *“Эч качан алсыз болбогун”*
Иштин ортосунда адам алсыз болбошу керек. Адам кылып жаткан ишин пайдалуу болуп турганын билип жатса да ишин аягына чыгарганга анын жалкоолугу жана алсыздангандыгы гана тосушу мүмкүн. Адамдын нафсиси дем алууну каалайт. Мээнет кылып аракеттенгенди каалабайт. Анын үстүнө анын нафсисин күчөтүп шайтан да тосконго аракет кылат. Андыктан мусулман бир тууган бир ишти баштагандан кийин жалкоо болуп же алсызданып жатсаң, анда Пайгамбар сага: *“Алсызданба!”* – деп айткан сөзүн эстегин. Анткени нафсисине баш ийип алсыз жалкоо болуп жаткан адамга жогору жактан айтылган буйрук ага түрткү берип аракет кылып кетишине себеп болот.
Мына ушул Пайгамбарыбыз айткан 4 баскыч менен адам ишин ийгиликтүү аяктоого толук мүмкүнчүлүк табат. Бирок адам баласы алсыз болгондуктан жана анын табияты алсыз болуп жаратылгандыктан, ал ушул 4 баскычтарды жакшы аткара албай калышы да мүмкүн. Бул баскычтардын бирисинде кемчилик кетирип өзү максат кылган ийгиликке жетпей калыша да мүмкүн. Бул жашоодогу болуп турган көрүнүштөрдөн. Мындай учурда мусулман эмне кылуусу керек? Бул суроо менен биз 5- баскычка өтөбүз.
5- Баскыч. *“Эгерде ишиң оңунан чыкпай калса, анда мындай кылсам андай болмок эле, мындай болмок эле дебегин! Бирок Аллах тагдырына жазган экен, ал каалаганын кылды деп айткын”.*
Азыр эле айтып өткөн баскычтарды аткарууга аракет кылып бирок ишиң ийгиликтүү болбой калса, анда ойлонуп жатып “бул ишимдин бул жерин мындай кылсам болмок экен же тигиндей кылсам болмок экен” – деп кайгырганың туура эмес. Мындай абалга түшкөн адам Аллахтын жазган тагдырына кайтарып: “Аллах тагдырына жазган экен, ал каалаганын кылды” – деп айтыш керек. Мындай деп айткан адам аягына чыга албаган ишин кайрадан жаңыдан баштап аракет кылууга да түрткү берет. Мурунку каталарын да эске алат. Жаңы ишине да жаңы көңүл менен киришет. Бул да ийгиликтин негизги баскычы.
Пайгамбарыбыздын бул бир эле хадиси адамдын туура иш кылуусун үйрөтүп турат. Бул бир эле хадисте көп нерсе камтылгандыгы Пайгамбардын сөзү аз болсо да негизги нерселерди камтыган мужиза экендигине далаалат болуп турат.
Мусулман бир тууган ушул хадисти карманып Аллахка сүйкүмдүү болуу үчүн аткарган ар бир ишиңди Аллахым ийгиликтүү кылсын.
*ИЙГИЛИККЕ ЖЕТҮҮНҮН 5 БАСКЫЧЫ*
1- Баскыч. *“Ыймандуу Күчтүү адам алсыз ыймандуу адамга караганда жакшы жана Аллахка сүйүктүү. Бирок ар биринде (өзүнө жараша) жакшылыктары бар”.*
2- Баскыч. *“Сага пайда берген нерсеге гана аракет кылгын”*
3- Баскыч. *“Аллахтан жардам сурагын”*
4- Баскыч. *“Эч качан алсыз болбогун”*
5- Баскыч. *“Эгерде ишиң оңунан чыкпай калса, анда мындай кылсам андай болмок эле, мындай болмок эле дебегин! Бирок Аллах тагдырына жазган экен, ал каалаганын кылды деп айткын”.*
Досторунузга болушконду унутпаныздар
Аллах Таала Озунун коптогон жакшылыктары менен кубандырсын
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев