Оо, Аллах! Сенин Улуулугуңда, Кудуретиңде чек жок. Сен Мээримдүүсүн, Кечиримдүүүсүн, кечиргенди жакшы көрөсүң. Ибилис Аллах Таалага: "Сенин Улуулугуңа ант! Мен адамдарды денелеринде жаны бар кезде өлгөнгө чейин азгырам" - дейт. Аллха Таала Ибилиске: "Улуулугума ант ичем! Адамдар истигфар айтып, Менден кечирим сураса эле, Мен алардын күнөөлөрүн кечирем" - дейт. Бейишке кирген адамдар бейишке кирип бул дүйнөдө чогуу жүргөн досторун, жакын адамдарыны таппай калат.
Анан Аллах Тааладан: "Оо, Жараткан! Биз менен чогуу намаз окуган, биз менен чогуу орозо кармаган бир туугандарыбызды бейиште көрбөй жатабыз" – деп жакындарын сурашат. Аллах Таала ал адамдарга: "Тозокко баргыла да жүрөгүндө кыпындай ыйманы бар адамды чыгаргыла!"- дейт. Ошентип жакшы дос тозоктогу адамдардын бейишке чыгуусуна себеп болот.
Хасан Басрий (Аллах ырайым кылсын) айтат: "Момун адамдардан көп дос жыйнагыла! Анткени, ал адамдар Кыямат күнү жакын адамдарын шапаат кылат". Чыныгы дос - колуңдан кармап бейишке жетелеген дос.
Ислам аалымдарынын бири адамдарга: "Эгер бейишке киргенде араңардан мени таппай калсаңар, анда, мен жөнүндө минтип сурагыла! Оо, Аллах! Сенин пендең баланча бизге Сени айтып эскертет эле, аны да биз менен бейишке чогуу киргиз" - деп сурангыла, эгер мен силерди көрбөй калсам, анда, мен да силер тууралуу сураймын жана бейишке кирүүңөрдү суранам" - дейт.
*💞Досторуңузга бөлүшкөндү унутпаңыздар*
Аллах Таала Озунун коптогон жакшылыктары менен кубандырсын
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев