Налог деп, соруп жатып элдин канын,
Наадандар, көрүп жатат ненин камын.
Налог төлөп калбасаккен нан жеш үчүн,
Нарктуулар болуп калды, бети калың.
Айып пул салына элек, аба калды,
Айыктырган оорудан, даба калды.
Эки эселеп айып пулу салына элек,
Энесин эмип жургон, бала калды.
Салгыла эми, дагы көөп айып калды,
Салына элек, күйөө менен зайып калды.
Күнгө дагы, налог десе таң калбаймын,
Көөп адамдар, акылынан тайып калды.
Салык барбы, убадага турбаганга,
Салбайсыңбы, кызматтан урдаганга.
Коррупцияга белчеден батыш үчүн,
Кызматтык орундарды пулдаганга.
Сал салыкты, өз элин аткандарга,
Соодалашып, жерлерди саткандарга.
Салыгыңды, кедейлерге салгычакты,
Салбайсыңбы, элди тоноп жаткандарга.
Казынадан уурдаганын катып коюп,
Качып жүрөт, өз элин атып коюп.
Жумурун тойгуза албай кээ бир жерди,
Жүргөндөр бар, тымызын сатып коюп.
Кана эми, ошолорго салыгыңар,
Көбүрбөдү, силердин самыныңар.
Убаданы берип алып элиңерге,
Ушул беле силердин салымыңар.
Тамырын жайып келген налогуңар,
Төлөнбөй калат эми айла жок.
Төлөй албасак өлөлүбү деп эми,
Кутулгандан башка бизде, пайда жок.
#айтайтдесе #акын #азаишенбеков #болотназаров #айтыш
Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат
https://www.patreon.com/temirovlive
Биздин тик-ток -
https://vm.tiktok.com/ZSecaq4Eo
Инстаграмыбыз -
https://www.instagram.com/aytaytdese/