Кадрдан кызматкерлер кишини жерге жаткырып, колун кайрып, тээп жатканын, ошол учурда бир бала секирип барып тепкенин көрүүгө болот.
Жалал-Абад милициясы билдиргендей, окуя кечээ болгон. Жеке күзөт кызматынын кызматкерин 6 киши таш, кирпич, таяктар менен сабаган деп арыз түшкөн.
"Шектүүлөрдүн бири Н.С. бир нече жолу тергөөгө чакырганда келбей койгон. Кармоо учурунда ал баш ийбегендиктен күч колдонулду”, — деди милиция.
Ал эми кармалган жарандын тууганы Айгүл Нуркамилова бир туугандар жергиликтүү базарды 20 жылдан бери талашып жатканын билдирди. Анын айтымында, 4-мартта агасы инисине тийиштүү тарабын жаап, жеке күзөт кызматына кайтартып койгон. Ортодо ызы-чуу чыгып, бири-бирине каршы арыз жазышкан.
“Тергөөгө келбей жүргөн” дегени жалган. Баласын кызматкерлер катуу сабап койгондуктан бети-башы көгала болуп ооруканада жатат. Милициянын аёосуз мамилеси боюнча прокуратурага даттандык”, — деди шектүүнүн тууганы.
📌 Такталган жаңылыктарды биринчи болуп окуңуз. Sputnik агенттигинин Телеграм каналына жазылыңыз https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 23