Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова менен Мамлекеттик Думанын экология, жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жетекчиси Дмитрий Кобылкин төрагалык кылышты.
"Жыйында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде евразиялык интеграциялык бирикмелердин алкагында маданият, билим берүү, энергетика, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралды. Миграциялык саясатты укуктук жөнгө салуу чөйрөсү талкууланды. Жыйындын катышуучулары Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурушту", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле кыргыз делегациясынын мектеп окуучулары үчүн "Эстелик поезди" маданий-агартуу долбооруна жана биринчи жайкы "Дүйнөлүк достук оюндары" спорттук кыймылына катышуусу талкууланганы кошумчаланды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев