Предыдущая публикация
Иш-чара 23-26-апрель аралыгында өтүп, Борбор Азиядан барган 15 журналист тажрыйба алмашты. Анда жасалма интеллектинин журналистикага тийгизген оң-терс таасири, медиадагы фейктер менен манипуляциялар, генеративдик жана санариптик технологиялар сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.
Мындан тышкары, журналисттер "Татмедиа" басма жана массалык коммуникациялар боюнча агенттигине, "Эфир" телекомпаниясына, "К9" коммуникациялык агенттигине, Россия Ислам институтуна жана "Хузур" басма үйүнө барышты. Ошондой эле Казань федералдык университетинин алдыңкы адистеринен сабак алышты.
Иш-чара Татарстан жетекчисинин фонду бөлгөн гранттын эсебинен уюштурулган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев