Анын айтымында, министрлик быйыл аз камсыз болгон жана жакыр 20 миң үй-бүлө менен социалдык келишим түзүүнү көздөп жатат.
"Былтыр мамлекет менен келишим түзгөн 12 800 үй-бүлөнүн, 23ү жүйөлүү себептер менен программага катышуусун үзгүлтүккө учураткан. Калган катышуучулар тарабынан 18 миңге жакын жумуш орду түзүлүп, 70 миңден ашуун адамдын жашоосу жакшыртылды. Долбоорлорду тандоодо киреше алуунун туруктуулугу, продукция сатуу рыногунун болушу, мал чарба тармагында гана эмес, ар кандай тармактарда бизнес ачуу сыяктуу критерийлерге өзгөчө көңүл буруу керек", — деген Полотова.
Долбоор тандап, анын кандай аткарылып жатканын көзөмөлдөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу комиссияларынын ишинин сапатын жогорулатуу милдети коюлган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев