ТҮШТӨГҮ ЖОЛУГУШУУ.
Көптөн бери кирбедиң эле түшүмө,
Көрдүм түндө кадимкидей өңүмдө.
Аппак жүзүң сулуу болуп жылмайып,
Карап турдуң жооп бербей сөзүмө.
Жылмая карап ,нуруң чачтың көзүңөн,
Жалын чачтың,жүрөгүмдү өрттөгөн.
Жүз жылдарга кетпес болду күйүтү,
Тагдырыбыз минтип эки жака бөлүнгөн.
Арманымдан ,деңизде жүрөм чөмулүп ,
Эстегенде,кабыргам турат сөгүлүп.
Эч бири да окшободу өзүңө,
Аппак таңдай,ажарың турса төгүлүп.
Саамайыңдан, акырын сыладым түшүмдө.
Бир келип кетеер болсоңчу өңүмдө.
Разы элем,сени дагы бир көрсөм,
Алмаштыраар элем өмүрүмдү бир күнгө.
Коштошкум келбей карап турдум узакка,
Жок болуп кеттиң,кысаарымда кучакка,
Шыбыраган үнүң алыстан мага угулду,
,,Түшүңдө мен дайым б
ООГАН -ТАЛАА АЙЫЛЫМ
Ооган -Талаа айылым асыл жерим,
Табийгат бүт арнаган кооз жерин.
Көз мелжитип көктү тиреп тоолору,
Кылымдан кылымдарга жашай бергин .
Арча- кайың ,тал- теректер, шиберлер,
Тоолорунда аркар ,түлкү ,
текелер.
Жайлоосу кооз кандай сонун ырахат,
Сайраса торгой бейишиндей сезилер.
Ооган -Талаа,Кызыл -Үнкүр,Арстанбап,
Жашап келдиң кылымдарга из салдың.
Элегиңден канча доор өткөрдүң,
Берип келдиң бул дүйнөнүн жыргалын.
15.05.2024.Беловодск.
Автор :Каныбек Кыргызбаев.