АЛМАШТЫРБАЙМ БАШКАГА
Сага жетпес бул жарыктын Ай, Күнү,
Саптап жазган Акын, Ырчы кайрыгы.
Бүт Ааламды сунса дагы алмашпайм,
Булар сендей унуттурбайт кайгыны.
Үлбүрөгөн жүзүң нурлуу сүйүктүү,
Үзбөйм такыр сага болгон үмүттү.
Жок жок жаным барбайм такыр башкага,
Жок кыла албайт сенден башка күйүттү.
Сен жок кезде кечтим далай мазакты,
Сезим алсыз карегимден жаш акты.
Көздөрүңдө мендик сезим жашаса,
Көтөрөмүн сен деп бардык азапты.
Жазылса да депутаттын айлыгы,
Жамалбастыр жарты көйнөк айрыгы.
Жаным сени алмаштырбайм эчкимге,
Жалгыз өзүң, жан дүйнөмдүн байлыгы.
Ай, жылдызды сунса дагы алмашпайм,
Алар сендей унуттурбайт кайгыны.
ТЕГИН
15. 11. 2018-ж Лейлек
ТҮШТӨ КӨРДҮМ
Бакытка бөлөп келдиң жарым түндү,
Балталап менде болгон сагынчымды.
Алтыным түшкө кирдиң ушул кечте,
Айтчы не сен да мени сагындыңбы?
Кармадым назик сенин колдоруңду,
Каалабай таттуу уйкудан ойгонуумну.
Кылчактап жылмайасың белги берип,
Кымбатым эмне мени ойлодуңбу?
Эстетип бирге өткөргөн кечтеримди,
Эркелеп сүйүп койдуң беттеримди.
Эзилип кттим сүйүү аптабына,
Эрке кыз бүгүн мени эстедиңби?
Түшүмдө окшоп турдум бактылууга,
Түйшөлткөн, түркүн ойлор жакшырууда.
Катыгүн ойгонгондо ал түшүмдөн,
Кайрадан эт жүрөгүм батты муңга.
Күлгөнүң эмес болчу эриктирчүү,
Күн сымал жылуулугуң берип турчу.
Күтүлбөй калсак дагы тагдыр жолдо,
Күн алыс түштөрүмдө келип турчу!
Сагынган абалымд