Келбесең болбойт жан ага!
Кеменгер айкөл жан агам
Кабарын бардыр биз жактан
Элиңде чөөлөр көбөйдү
Экиден сөөк талашкан
Абалы оор чөлкөмдүн
Адашып жолдон бараткан
Саламга келбей кас болду
Садырын менен Адахан!
Тынч жаткан элди көптүрүп
Текелер мүйүз өстүрүп
Бийликтен өтүп көздөрү
Бир-бирин жөөлөп, жек көрүп
Жалдап көбүн акчага
Жамандап касын сөктүрүп
Идишке тамак берсен да
Ит болбойт тура бөлтүрүк!
Шайлоосу дагы жөн өтпөй
Шерменде болду күн өтпөй
Бийлик жак баардык добушту
Бир "ап"- деп алды бөлүшпөй
Калгандары кан жутуп
Калышты сыртта өгөйдөй
Таптаза өтсө шайлоосу
Турушмак мынтип бөлүнбөй
Ыдырап элден ырк кетти
Ырыскы кешик бүт кетти
Арасат калып бюджети
Алган жок бирөө эсепти
Тентир