ДАНЕКТЕРДИН ПАЙДАСЫ!!
Дарбыздын данеги кан басымын жөнгө салат
Организмди тазалоого жакшы салым кошкон дарбыздын данеги да ден соолукка пайдалуу. Ал цинк менен темирге бай болгондуктан элдик дарыгерлер аны темир жетишсиздиги менен ооруган оорулууларга сунуштап келишет. Мындан тышкары ал кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп, жөнгө салып, теринин, тырмактын, чачтын абалын жакшыртат жана кан басымын нормалдаштыруучу касиетке ээ. Мындай пайданы көрүү үчүн дарбыздын данегин кургатып, ундай кылып жанчып туруп күнүгө эртең менен жана кечинде эки чай кашыктан жеп туруңуз. Дарыны айнек банкага сактаңыз.
Коондун данеги өнөкөт жөтөлдү айыктырат
Коондун данегин элдик дарылоодо ичегини, боорду, бөйрө