Караңгы жерге камалган Пил жөнүндө
(Устаттарга арналат)
Бир дагы пил көрө элек мамлекеттин адамдарына пилди көрсөтүү үчүн алып келинген пилди ийне көзгө сайса көрүнгүс болгон кап-караңгы бөлмөгө камап коюшат. Пил көргөнү келген адамдарды ошол бөлмөгө киритишет. Колдорун алдыга сунуп барган адамдар пилге колу урунганда токтошот жана колдору тийген жерди кармагылап сыртка чыгышат. Сыртагылар пилдин кандай жаныбар экенин сурашканда:
-Пилдин мурдуна колу тийген адам "Пил деген узун трубага(түтүкчөгө, каннай) окшош экен" - дейт.
-Аңгыча пилдин бутун кармаган киши "жалган айтпачы, эй пил деген устунга окшош экен" - деп кирет.
-нары жакта пилдин кулагын кармаган киши - "койгула жалган айтпай, пил