КОНОКТОР
«Коноктор өздөрү менен өздөрү кызуу аңгемелешип жатышканда, эшиктен кирген үй ээсинин 4-5 жашар баласы:
-Эй качан кетесиңер?-деп калды.
Отургандар бул суроого не деп жооп берерин билбей делдейген тейде баланы жапырт карашты.
-Эмне болду, уулум?-деди бир аздан соң, коноктордун ичинен бирөөсү.
-Биз тиги момпосуйлардан жээшибиз керек-деди тиги бала.
-А кокуй, ме гой, момпосуй-деп, бири тарелкадагы конфеттерден бир ууч балага узутып калды эле:
-Э жок,-деди бала башын чайкап-апам: «Коноктор кеткенден кийин өзүм берем»,-деген, азыр жесек урушат –десе болобу! Отургандар же күлүшөрүн, же турушарын билбей жана кызык абалда калышты.
Көрсө, ата-энеснин сыртка чыкканынан пайдаланган экен...