Жөтөл - организмдин коргоочу механизми. Жөтөл аркылуу дем алуучу жолдор ар кандай вирустардан, бактериялардан, чаңдардан жана микробдордон тазаланат. Адатта адам кичинекей же чоң болгонуна карабай бир күндө бир нече жолу жөтөлөт. Өзгөчө, мындай көрүнүш эртең менен болсо андан кооптонуунун таптакыр кажети жок. Ал эми сасык тумоо, бронхит, ангина, гайморит, суук тийүү, аллергия жана синусит сыяктуу оорулар себепчи болуп, кечкисин же түнкүсүн тамакты оорутуу жана кычыштыруу менен коштолгон жөтөл албетте, дарыланууну талап кылат.
Мүнөзүнө жараша жөтөл кургак жана нымдуу болуп эки түргө бөлүнөт:
Кургак жөтөл кайсы оору болбосун ал башталаарда күтүүсүз пайда болот. Мында адам жөн гана жөтө