Жөтөл аркылуу дем алуучу жолдор ар кандай вирустардан, бактериялардан, чаңдардан жана микробдордон тазаланат. Адатта адам кичинекей же чоң болгонуна карабай бир күндө бир нече жолу жөтөлөт. Өзгөчө, мындай көрүнүш эртең менен болсо андан кооптонуунун таптакыр кажети жок. Ал эми сасык тумоо, бронхит, ангина, гайморит, суук тийүү, аллергия жана синусит сыяктуу оорулар себепчи болуп, кечкисин же түнкүсүн тамакты оорутуу жана кычыштыруу менен коштолгон жөтөл албетте, дарыланууну талап кылат.
Мүнөзүнө жараша жөтөл кургак жана нымдуу болуп эки түргө бөлүнөт:
Кургак жөтөл кайсы оору болбосун ал башталаарда күтүүсүз пайда болот. Мында адам жөн гана жөтөлө берет, бул учурда анын дем алуу тутумунан эч кандай суюктук бөлүнүп чыкпайт. Сезгенүү башталып, оору жанданганда гана жөтөлдү шилекей коштошу мүмкүн.
Нымдуу жөтөл деп жөтөлгөн сайын дем алуу жолдорунда жана өпкөдө кырылдап шилекейдин, былжырдын, какырыктын бөлүнүп турушу айтылат. Нымдуу жөтөлдү көп учурда кургак жөтөл коштоп жүрөт. Эгер бул абал 3 жумадан созулуп кетсе, анда жөтөлгө себеп болгон оору өнөкөт түргө айланат. Сыркоонун мындай түрүн айыктыруу алда канча кыйын же мүмкүн эмес экени жалпыга белгилүү. Андыктан, ар бир адам күтүүсүз башталып, бара-бара кырылдоо, приступ коштоп, кан жана какырык пайда кылып, узакка созулган жөтөл менен күрөшкөнү жакшы.
Кандай гана жөтөл болбосун көкүрөккө компресс жасоо жөтөлдү жеңилдетет жана оорусун басаңдатат. Үч баланын энеси катары ишенимдүү бул рецепти сунуштайм. Бул компрессти бир гана жолу койгон жетиштүү экен.
Баарын бирдей бир чоң кашыктан суу май, горчица, ун, балды аралаштырып камыр жууруп алыбыз. Жалпак кылып жайып, жүрөк тушка жеткирбей көкүрөккө коюп, үстүнөн таңып, 2-3 саат жылуу оронуп жатуу керек. Эгер өтө күйгүзбөсө түнү боюу калтырып койсо деле болот. Каттуу жөтөл кетпей жатса процедураны 5 жолуга чейин эле койгонго болот. 6 айга чейинки жаш балдарга койгонго болбойт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1