*
▪️Кыргыз алыстан келген конокту, ак сунуп тосуп алган, кымыз, айран, сүт менен.
▪️Чамгаракты (түндүк) жерге, чалкасынан же көмкөрөсүнөн таштабайт, кыры менен жөлөп же илип кой.
▪️Кызды сөкпөйт.
▪️Кыз эркекти теппейт.
▪️Атты башка чаппайт.
▪️Жакын кишиңе күчүк бербе.
▪️Эгер таманга, колтукка без чочуса, эгиз төрөгөн аялга үч жолу ачкарын эмдетип койсо болот.
▪️Чоочуп калган баланы, апаптап, жүрөк көтөрөт.
▪️ Көз, сук өткөндү, киринелеп чыгарат.
▪️Башы ооруганды, кур менен теңдеп коёт.
▪️Ичи ооруганды, белин үзөт. (Көмкөрөсүнөн жаткырып, белинен тырсылдатып тартып)
▪️Шакый болсо, чачын тартып үзөт, кырсылдатып.
▪️ Тиши ооруса суу менен сезкендирет.
▪️Бели ооруса, бертик сурап, кайнатып ичет.
▪️Тилине тибиртке чыкса, арам, адал жандыктар менен аралаш айттырат бирөөгө.
▪️ Көзгө тирсек чыкса, манжага кызыл, ак, кара жип менен байлап койот.
▪️Басырык басса, башыңа бычак коюп жат.
▪️ Алыс жолго чыксаң,
"Жолум шыдыр болсун,
Жолдошум Кыдыр болсун,
Жолдун ээси Жоламан колдо" деп айтып чыгат.
▪️Кайчыны эшиктин башына илбе.
▪️Кар жилик эшиктин үстүндө бүтүн илип турса, үй-бүлөлүк бекемдик, күчтүү, кайраттуу үй.
▪️Жолго кир сууну төгүүгө болбойт, же тебелендиге кирдин суусун чачпа.
▪️Жуунгандан кийин колуңду силкпе.
▪️Агып жаткан сууга түкүрбө же какырба.
▪️Колго суу куйган балага «өмүрлүү бол!» деп алка.
▪️Жаман түш көрсөң сууга айт, суу менен кетсин.
▪️Чайдын чамасын булганыч жерге төкпө.
▪️Отко суу куюп өчүрбө.
▪️Түндөсү суунун бетин, идишти ачык койбойт.
▪️Үйүңө конок келсе, колуна жылуу суу куй.
▪️Чөмүч менен итке аш куйба.
▪️Чөмүч менен тамак же суйук аш ичпейт.
▪️Наристе баланы күзгүгө көргөзбө.
▪️Кишиге бычак кесебе, анты болот.
▪️Жаш баланын салмагын айтпа, татына дебе.
▪️Акты «куу» дейт, ак жылкыны «боз ат» дейт.
▪️Кишиге артыңды салба.
▪️Түндөсү түш жорубайт.
▪️Таң эрте турсаң, ырыскыңдан куру калбайсың.
▪️Баланын келечегин жашынан тиле.
▪️Бышкан ашты таштаба, жолуң болбойт.
▪️Нанды тегерете сындырбайт, тең бөлүп сындырат.
▪️Тамактардын арасынан оболу нанды ооз тий.
▪️Күйгөн отко түкүрбөйт.
▪️Шыпырынды жерге отурбайт.
▪️Бир үйдө эки киши удаа тырмак албайт.
▪️Отту бутуң менен ичкерилебе.
▪️Колуңду артыңа алып баспа.
▪️Дасторкондо тартынып отурба.( Тизесин тартып)
▪️Мүрзөнүн үстүн тепсебе.
▪️Аял киши малдаш токунуп отурбайт.
▪️Алган чачыңды тебелендиге таштаба, мөмөлүү дарактын түбүнө көөмп кой.
▪️Колуңду тамчыга жууба.
▪️Темирге заара кылба.
▪️Алыскы сапардан келген кишинин башынан үч жолу суу тегеретип, түкүртүп, идиштеги сууну сыртка төгүп, көмкөрүп, бир күнгө чейин колдонбо.
▪️ Караңгы жерде заара кылар алдында " бош бош бош" деп 3 жолудан кайталап айтуу керек.
▪️Караңгыда кыз бала сууга барбайт.
▪️Караңгыда кошунаңдан ак сураба.
▪️Ооз кесир сүйлөбө.
▪️Караңгыда үй шыпырба, душманыңды көбөйтөсүң.
▪️Шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба,
өлүм менен той бир күндө келет.
▪️Баш кийимди тегеретпе.
▪️Отту теппе, шамалды сөкпө.
▪️Дасторконду тетири салба.
▪️Бешикти өбөктөбө.
▪️Бешикти эки киши көтөрбөйт.
▪️Бешикти кур терметпе.
▪️Бычакты нанга аарчыба.
▪️Босого жакка баштанып жатпа.
▪️Босогону бойлоп турба.
▪️Караңгы күгүмдө күзгүгө каранба, чач тараба, жылдыз санаба.
▪️Баш кийимди жогору ил, жерге таштаба.
▪️Комузду төргө ил.
▪️Мылтыкты аттаба.
▪️Шыпыргы менен чаппа.
▪️Тамакты дасторконсуз ичпе.
▪️Сүйлөшүп жаткан эки кишинин ортосунан өтпө.
▪️Жыйылган жүккө жатпа.
▪️Ээн талаага түнөп калсаң, айланаңды бычак менен чийип кой.
▪️Боюнда бар аял капка отурбайт.
▪️Касыңдын үйүндө чач алба.
▪️Беймаал убакта оорулууну сурап барба, бала көрбө.
▪️Бирөөнүн кайгысына кубанба.
▪️ Бирөөгө өлүм тилебе,
өзүнө өмүр тиле.
▪️Бейитти колуң менен көрсөтпө.
▪️Минген атыңдын жалына бут чыгарба.
▪️Тырмагыңды отко салба.
▪️Көсө менен мал кайтарба.
▪️Беймаалда күл төкпө, таштанды чыгарба.
▪️Тулганы теппе.
▪️Нанды дасторконго көмкөрөсүнөн койбо.
▪️Жер таянып отурба.
▪️Бычакты мизи менен чалкасынан койбо.
♦️♦️♦️♦️
Сууга сийбе, энеңдин эмчеги зыркырайт.
♦️♦️♦️♦️
Булактын көзүн тазала.
♦️♦️♦️♦️
Суу сыйлаган зор болор,
Суу кордогон кор болор.
♦️♦️♦️♦️
Шамалды сөкпө,
Жерди теппе.
Отту, очокту теппе.
Күл-дөбөнү тепсебе.
♦️♦️♦️♦️
Чөптү кордобо, көзгө зыян.
♦️♦️♦️♦️
Кумурсканын уясын бузба.
♦️♦️♦️♦️
Малды теппе, томаяк болосуң.
♦️♦️♦️♦️
Идиш-аякты калдыратпа, ырыскы качат.
♦️♦️♦️♦️
Кишиге же тасмалга
карап чүчкүрбө.
♦️♦️♦️♦️
Үйгө жылан кирсе, ак чачып узатып кой.
♦️♦️♦️♦️
Иттин ээси болсо, бөрүнүн теңири бар.
♦️♦️♦️♦️
Таш менен урса, аш менен ур.
♦️♦️♦️♦️
Мына ушундай накыл сөздөр менен Теңир жолунда, кыргыз балдарын окутуп, айтып келген
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев