ӨРҮК ЗАР
Бажырайып өрүк гүлү ачылып,
Аппак болуп жыты аңкып чачылып. .
Аралаган сулуу кыз да гүл болуп,
Айрый албай турам карап ашыгып.
Гүл дагы гүл , кыз дагы гүл анкыган,
Бажырайып эрте жазда ачылган.
Керемети жаздын көрүп турамын,
Ар кыл болуп кубулушту жер-аалам.
Теребел да, өзгөчө көрккө келди,
Түркүн-түскө айланды жердин бети.
Суктанып көзүм тойбой карап турам,
Ачылган, ар бир гүлдүн жеримдеги.
Автор: Бурмакан Борбоева
Жалал Абад шаары
24.03.2020-жыл.
САБЫР ТИЛЕЙМ
Сыноо берип Аллах мага жатамын,
Айлап- жылдап, оору азабын тартамын.
Ошентсе да сабыр тилеп өзүмө,
Кайгы- муңду, алыс сүрүп таштадым.
Күлүп турса неберелер жанымда,
Күнүм-айым, жарык чачкан таңым да.
Унутулуп баардык кайгы-капалар,
Аз да болсо, алаксыймын аларга.
Оорусу жок адамдай мен жүрөмүн,
Күлсө күлүп, аралашып күлөмүн.
Аз да болсо, унутушту ойлонуп,
Кетсе экен деп, абдан кейип жүдөдүм.
Ар бир күндүн болсун арты жакшылык,
Айлап- жылдап тартпайынчы тарткылык.
Медер кылып балдарыма сүйөнүп,
Бул өмүрдө келем жүгүн артынып.
Ишенер тоо үй-бүлөдө, өзүмдүн,
Балдар-кыздар, каректери көзүмдүн.
Аллахымдан, сабыр гана сураймын,
Мааниси бар күндө айтчу сөзүмдүн.
Автор: Бурмакан Б
КАНДАЙ СОНУН
Жаз да келип, жаңыланып айлана,
Жаралгандай жердин бети таптаза.
Аппак тонун, чечип салып теребел,
Жашыл жоолук салынышты башкача.
Кызыл-тазыл гүлгө оронуп бак дарак,
Чыга келди, көрктөнүшүп чар тарап.
Бажырайып, жоогазындар ачылып,
Күндөн- күнгө, суктандырып баш багат.
Мукам чыккан үндөргө мен таңданып,
Бак ичинде басып жүрөм айланып.
Кубулжутуп сайрап турган куштарга,
Эргий басып, угуп калдым байланып.
Кыш да кетти, мезгил менен алмашып,
Жазым келди, бул күндөргө жарашып.
Кандай сонун ар бир жаздын ак таңы,
Жаралгандай, жашоо шаңы башталып.
Автор : Бурмакан Борбоева
"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү
Жалал-Абад шаары
26,03.2021-жыл.
ТОО ГҮЛҮНӨ
Сиңдим менен, жаш элек тоого барып,
Карагатты теребиз деп бардык шашып.
Кереметтүү, ажайып кооздуктардан,
Көзүм тойбой көргөндө турдум катып.
Кайыңдыга барганбыз таң эртеден,
Узак экен араң жеттик экөөбүз тең.
Сары-кызыл гүлдөрү жайнап өскөн,
Өзүнчө эле, кооз болгон жерден экен.
Сайрап жатты, түркүн куш үнү угулуп,
Көпкө чейин тыңшап биз угуп турдук.
Арча- кайың, долонолор, карагатка,
Көзүм тойбой кайталап көңүл бурдук.
Көз күйгүзүп карагаттар төгүлүшүп,,
Бышып турат капкара көрүнүшүп.
Бирден терип, ашыгып чет-четинен ,
Чогултпастан жеп кирдик бөлүнүшүп.
Көрккө келип, жапжашыл карап турсаң,
Жапжашыл салкын жердин чөбү тулаң.
Буруксуган тоо гүлүнүн жытынан мен,
Моокум кана
СОПУ-КОРГОН АЙЫЛЫМ
Аска-зоолуу, тоолор турган катарлаш,
Байыр алган, жан-жаныбар аралаш.
Жибек жолу илгертеден аталып,
Кытай жака кербен өткөн сапарлаш.
Эки жактан кирген таза суулары,
Агып турган кашка тунук убагы.
Кылымдардан, тоо койнунда байырлап,
Элим жашайт, ынтымактуу бүт баары.
Жашыл болуп, жылдан жылга жашарып,
Жерим турат, Сопу-Коргон аталып.
Ыйык жерим ата-бабам аздектеп,
Сактап келген ынтымакта жашашып.
Касиеттүү жерим менен мактанам,
Эр жүрөк уул, чыгаан кыздар таптаган,
Эл ичинен өсүп чыккан таланттар,
Даңк алышты, эмгек менен жасаган.
Илимпоздор, чыккан биздин айылдан,
Эл-жер үчүн, кашык канын арнаган.
Атактууну айтып кетсем жөн болоор,
Ысмайылды, бүтүн элге таанылган.
Э