Сыноо берип Аллах мага жатамын,
Айлап- жылдап, оору азабын тартамын.
Ошентсе да сабыр тилеп өзүмө,
Кайгы- муңду, алыс сүрүп таштадым.
Күлүп турса неберелер жанымда,
Күнүм-айым, жарык чачкан таңым да.
Унутулуп баардык кайгы-капалар,
Аз да болсо, алаксыймын аларга.
Оорусу жок адамдай мен жүрөмүн,
Күлсө күлүп, аралашып күлөмүн.
Аз да болсо, унутушту ойлонуп,
Кетсе экен деп, абдан кейип жүдөдүм.
Ар бир күндүн болсун арты жакшылык,
Айлап- жылдап тартпайынчы тарткылык.
Медер кылып балдарыма сүйөнүп,
Бул өмүрдө келем жүгүн артынып.
Ишенер тоо үй-бүлөдө, өзүмдүн,
Балдар-кыздар, каректери көзүмдүн.
Аллахымдан, сабыр гана сураймын,
Мааниси бар күндө айтчу сөзүмдүн.
Автор: Бурмакан Борбоева
"Поэзия Ордосу"көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү
Жалал-Абад шаары
26.03.2021-жыл.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1