“Апа, болду чыдай албайм!”
Түндө ким болуп кетти экен, деп эшикти ачсам, кызым кучактап ыйлап кирди. Байкушум арыктап, жүдөп кетиптир. Көптөн бери жууна элек да окшойт, тамак жыттанат.
Бекзат экөө сүйүшүп жүрүп баш кошушкан. Мотурайган эки баланын ата-энеси. Экөөнү тең удаа төрөп алды. Анысына деле мейли, болгону жаш немелер кыйналып калат деп кабатыр болуп жүрдүм.
– Эмне болду? Баары тынчпы деги? Балдар гана?
– Атасы менен.
Кайра буркурап ыйлап кирди.
– Ай, эмне болду деги? Бир нерсе десеңчи.
– Балдарга жетишпей жатсам, жумуштан келип мага бакырды, телевизордун үнүн чоңойтуп алып, эч нерсе болбогондой отурду…. мен…. мммен… Тажап кеттим апа! Эгер үйдөн чыгып кетпесем, өзүмдү башкара албай
Азыр ушунчалык бактылуумундеп койгула, силер менен бөлүшпөсөм жарылып кетчүдөймүн. Анда эмесе бир мактанып алууга мүмкүнчүлүк бергиле.
“Качан үйлөнөсүң», «жашың өтүп кетти», «карт бойдок» деген сөздөрдөн качып, алыскы райондорго жумушка орношуп
алдым. Бойдок жүргөнүм дос туугандарыма тынчтык бербей койду. Жадакалса, эшиктеги Балтектин көзүнөн ушул суроону көрө баштадым. Бул жакта мени эч ким тааныбайт, жыргап жүрө Чакан ишканада инженермин. Компьютерлери бузулса, точкасы күйүп кетсе, столунун буту сынып калса, калеми Тоголонуп полдун тешигине түшүп кетсе деле мени чакырышат. Көнүп деле калдым, ондоп берем. кайра жардамым тийип жатканына сүйүнөм.
Бир күнү бухгалтер эже кабинетине чакырды. Инс