Дартымды айтсам досума.
Ыйламыш болду кошула.
Дартымды айтып бүткөн соң.
Акырын түштү жолуна.
Дартымды айтсам апама.
Көңүлү түштү капага.
Картайып кетти бечаара.
Кайгырып ар бир катама.
Дартымды айтсам иниме.
Анымды укту үңүлө.
Колунан жардам келбейт да.
Жашоодон кетти түңүлө.
Дартымды айтсам эжеме.
Ал барып айтты жездеме.
Кайгырса деле ошондо.
Унутуп койду тез эле.
Жайнамаз алып салдым да.
Кудайга айтып соңунда.
Жеңилдей түштүм эх чиркин.
Кудайым деген соонун да.